Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Керринин сапары “музду" эритеби”?


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри

Борбор Азияга сапарында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга да келет. Транзиттик борбордун чыгарылышы менен муздай түшкөн кыргыз-америка мамилесин Жон Керринин сапары оңдой алабы? Же Орусиянын таасири ага жол бербейби?

Борбор Азия чөлкөмү үчүн төрт геосаясий борбор күрөшүүдө. Алар: Орусия, Кытай, АКШ жана Европа биримдиги. Булардан сырткары ар кандай деңгээлде Жапония, Индия, Иран жана Түркия да “оюнга” аралашып, бул жердеги өзүнүн саясий-экономикалык кызыкчылыктары үчүн күрөшүп келет.

Бирок бул таймашта Орусия менен Кытайдын ийгиликтери көбүрөөк. Кытай батпаган акчасы менен ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду каржылап, Борбор Азияда кенен-кесир орун-очок алып жатса, Орусия көбүнчө аскердик-коопсуздук, тарыхый жакындык жагы менен артыкчылыктарга ээ болууда.

Ооганстандагы кырдаалдын курчушу Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзүүдө. Талиптердин Кундуз шаарын кыска мөөнөткө болсо да басып алуусу, Гилменд жана Фарьяб провинцияларындагы ийгиликтери, түркмөн-ооган чек арасындагы абалдын тынчыбай турушу буга айгине.

Кырдаалдан пайдаланып Орусиянын таасиринин бул чөлкөмдө бекемделүүсү Кошмо Штаттар үчүн жагымдуу эмес. Буга карата Вашингтондун да жообу болушу керек. Анын үстүнө 2001-жылдан бери Ооганстанда аскер кармап турган мамлекет катары Вашингтон Борбор Азия чөлкөмүнө Ооганстандагы абал жөнүндө, Кошмо Штаттардын аскерлери 2016-жылдан кийин да Ооганстанда калары тууралуу маалымат берүү вазийпасы турат.

Саясат таануучу Марс Сариев Жон Керринин Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга сапарынын бир максаты ушунда дейт:

- АКШнын саясатын түшүндүрүүгө, эмне үчүн Ооганстанда аскерлерин калтырып жатат, ал жерде кандай жараяндар болуп атканы тууралуу Орусиядан башка булактан да маалымат алсын деген максатты көздөөдө. Ошол маалыматты берип, бир келишимге келгенге аракет жасайт.

Марс Сариевдин пикиринде, Жон Керринин сапары учурунда Кыргызстан менен АКШнын мамилесинде маанилүү жылыш болбойт. Анткени, Орусиянын Сириядагы аракетин Кыргызстан толук колдоп чыкты. Сирия, Украина жана башка маселелер боюнча АКШ менен Орусиянын саясаты карама-каршы келүүдө.

Бирок да АКШ менен мамилени өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин 14-октябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтниден ишеним грамотасын алып жаткан учурда президент Алмазбек Атамбаев белгилеген.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркуловдун айтуусуна караганда, 31-октябрда Кыргызстанга келе турган Жон Керри Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрөт:

- Биздин тышкы иштер министри менен, Кыргыз Республикасынын президенти менен жолугушуу болот. Анан АКШнын жаңы элчилигинин, Американын Борбор Азия университетинин жаңы кампусунун ачылышына катышуу белгиленген. Программада ушулар бар.

Американын Борбор Азия университетинин жаңы кампусу
Американын Борбор Азия университетинин жаңы кампусу

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов АКШнын мамлекеттик катчысынын иш сапарынын максаты дүйнөлүк саясатка байланганын белгилеп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүү тууралуу азырынча бир жактуу бир нерсе айтуу кыйын дейт:

- Кыргызстан менен АКШ ортосундагы мамиле кандай болорун айтуу кыйын. Анткени эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн күн тартибине кандай маселелер коюлду? Кеп ошондо. Азыр бизге күн тартиби боюнча маалымат жете элек. Жеткенден кийин саясат, экономика, инвестиция жагынан кызматташуу болор-болбосун айтууга болот.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң таасирдүү саясатчынын бири болгон АКШ мамлекеттик катчысынын иш сапары Кошмо Штаттардын бул чөлкөмгө кайрылып келүү, аны күчөтүү максатынан кабар берерин Жекшенкулов кошумчалады.

Саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсалов кыргыз-америка мамилесинин муздап кетишинен Кыргызстан көбүрөөк жабыркап, бир канча долбоорлор каржыланбай токтоп калганын айтат. Бирок АКШ улуу мамлекет катары Кыргызстан менен узак мөөнөттүк кызматташууга кызыкдар дейт:

- АКШ өкмөтү, эли биздин азыркы бийликке таарынып, теригип, аларга доомат койбойт же аларга кыр көрсөтпөйт. Анткени алар кыргыз эли менен, кыргыз мамлекети менен түпкү достук мамилеси бар. Аны уланта берет, өнүктүрө берет. Ошого кызыкдар. Анткени алар “бектер кетет эл калат” деген принцип менен болуп атат.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси расмий Бишкек өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин эле түптөлгөн. Бирок “Манас” аба майданына 2001-жылдагы Нью-Йорктогу теракттан кийин Кошмо Штаттардын базасынын жайгашуусу менен бир топ бекемделген. Ал эми Бишкектин базаны чыгаруу максаты эки ортодогу мамилени салкындатты. Белгилүү болгондой, база 2014-жылдын башынан тарта эле чыгарыла баштаган.

Андан кийин АКШ Мамлекеттик департаменттин сыйлыгы абактагы Азимжан Аскаровго быйыл июлда ыйгарылышы эки мамлекеттин мамилесин муздатып, кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы жетишилген келишимди жокко чыгарууга барды. Ал келишимге ылайык, Кошмо Штаттар Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдар ар кандай салык, төлөмдөрдөн бошотулган. Эми эки тарап мына ошол келишимди калыбына келтирүү үчүн эле бир нече жылдык аракет талап кылынары айтылууда. Жон Керринин сапары мына ошого чыйыр салабы, аны сапардын жыйынтыгы көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG