Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Аткезчилик айынан чек арада ок атылды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Баткен, Кадамжай району.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Баткен, Кадамжай району.

Кадамжайдын Кара-Жантак аймагынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде кошуна мамлекеттин чек арачыларынын огунан бир кыргыз жараны жараат алды.

Аткезчилик менен кошуна өлкөгө жүк өткөрө коем деген Адахан Мойдуновдун абалы оор экени айтылууда. Окуя болгон жерден качып чыккан дагы бир жаран азыр күч кызматтарына көрсөтмө берүүдө.

Күбөлөрдүн көргөнү

10-ноябрь күнү кечки саат 9дар чамасында Кызыл-Кыя-Кадамжай транзиттик жолунан Кыргызстандын Марказ айылынын жарандары үч “Хюндай портер" унаасы менен Өзбекстанга тоок этин өткөрүүгө аракет кылышкан. Чоң жолдун боюнда күтүп турган өзбекстандык кардарларга жеткенде кошуна өлкөнүн чек арачылары аларга ок чыгарган.

“Бул учурда Өзбекстандын жүк күтүп турган жарандары да ок жеди”, - дейт үчүнчү унаада баратып, ок атышуу башталганда кайра артка качкан Фархад Мусаев.

- Мен алардан эки мүнөттөй артта бараткам. Ошол жерге жетип, ал жакта күтүп турган өзбекстандыктар чыгышканда эле дароо атып киришти. Асманга ок чыгарышкан жок. Дароо эле атышты. Биздин жаранга эки ок тийиптир. Бири бутуна, дагы бири көкүрөгүнө тийди деп айтышты телефондон. Ал эми калгандары ошол жерден эле жан беришти окшойт... Экинчи машинадагы дагы бир бала качып, камыштын арасына кирип, төрт саат суунун ичинде жатыптыр. Жараат алган адамдын жакындары Өзбекстандагы тааныштары менен сүйлөшүп, кабар алышууда. Бутун кесебиз дегендей болду деп айтып жатышат. Өзбекстандан беш жаранына ок тийди деп айтышты.

Ок чыккан учурда Өзбекстандын он чакты жараны жана экинчи унааны айдап барган кыргыз жараны Муратжан Жумабаев да камыш аралай качып, кийин чек арадан бери чыккан.

Ок жеген Адахан Мойдуновдун туугандары ага Өзбекстандын Вуадил шаарындагы ооруканада операция жасалганын тааныштары менен байланышып билишкен. Учурда бул окуя боюнча Кыргызстан тараптан да териштирүү башталды.

Бул биринчи окуя эмес

Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров окуянын негизги себебин мыйзамсыз аткезчилик менен жүк өткөрүү, ошону менен бирге чек аралардын али такталбай турганынан көрүүдө.

- Бул окуя биринчи жолу болуп аткан жок. Буга чейин да болуп келген. Эки ай мурда эле Халмиондо Өзбекстандын жарандары чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаганда биздин чек арачылар атышты. Мындай окуялар чек аралар али толук такталбай жатканы үчүн болууда. Ал эми жарандарга канча түшүндүргөнүбүз менен, бирок мыйзамсыз соода токтобой, акыры ушундай окуя болду.

Өткөн жылы да ушул Марказ айыл аймагында Кыргызстандын бир жараны өзбекстандык чек арачылардан ок жеп кайтыш болгон. Дегеле чек арада аткезчилик менен алектенем деген жарандарга чек арачылардын ок чыгарган учурлары кайталанып эле турат.

Кыстаган турмуштун айынан ок жеп

Айрыкча мыйзамсыз соода менен чек арага жакын ушул айыл тургундары алектенип келет. Өзбекстанга жүк өткөрөм деген аракет менен барып, артка качкан Фархад Мусаев кылаарга башка жумуш жоктугунан ушундайга барып жатышканын айтты:

- Эми бизде башка жумуш жок болгондон кийин ушундай иш кылабыз да. Тиричилик үчүн кичине акча тапсак дейбиз. Өткөн жылы да бул жерде ушундай эле окуя болду, бирок айла жок, кимге кайрылабыз?

2010-жылы Өзбекстан чек араларын кайтарууну күчөтүп, бир топ чек ара өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жапкандан бери Баткен облусунун аймагынын Өзбекстан менен чектеш жерлеринде аткезчилик менен алектенгендер пайда болду. Мунун айынан чек арачылардын огунан жылына жок эле дегенде бир жаран каза болуп турат. Бирок мыйзамсыз соода токтогон жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы ок атылган жол.

XS
SM
MD
LG