Максим Кулешов: Тереңге сүзгөн балыкмын...
"Журтташтар" түрмөгүбүздүн бул жолку коногу - Максим Кулешов.
М.Кулешов "Азаттыктын" студиясында, 21-декабрь, 2011
Жарыяланган учуру: 21.12.2011
Биздин бүгүнкү каарманыбыз кыргыз саясий турмушун учурунда өзүнүн
адаттан сырт, өзгөчө кызыктуу флэш-моб акциялары менен жанданткан эле. Президенттин атынан 100 граммдан сүт таркатабы, өзүн чынжырга ороп алабы, айтор, эмне жасабасын, баарын жалгыз өзү кылып, дайыма милиция тарабынан кармалып кетчү. Керек болсо, психиатриялык ооруканага да күчтөп жаткырылган.
Максим Кулешов былтыркы ыңкылаптын алдынан саясий башпаанек алып, Европадагы өлкөлөрдүн бирине көчүп кетти. Бүгүн ал “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесине баш бакты. Жарандык активистти кабарчыбыз Төрөкул Дооров кепке тарткан.