Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Камбар-Ата-1ге жаңы инвестор керекпи?


Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Орусия келишим түзгөн. Андан бери бир канча жыл өтсө да ГЭСтин курулушунан кабар жок.

Орусиядагы кризис курулуштун башталыш мүмкүндүгүн ого бетер тумандатты. Мындай шартта кыргыз өкмөтү долбоорду аткаруу үчүн кошумча инвестор издеши керекпи?

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча алгачкы келишимге 2009-жылы кол коюлуп, бирок кыргыз-орус жетекчилигинин мамилеси бузулушуна байланыштуу ордунан жылбай калган. Апрел окуясында бийлик алмашкандан кийин 2012-жылы сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда жаңы келишимге кол коюлган. Эки өлкөнүн парламенттери ал келишимди 2013-жылдын башында ратификациялаган.

Келишимге ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСинин 50% түбөлүк орус тараптын колунда кала турганы Кыргызстанда айрым нааразычылыктарды жаратканына карабай, курулуштун башталышын баары күтүп калган.

2014-жылы Кыргызстанда башталган катаал энергетикалык кризис Камбар-Ата-1 ГЭСинин республика үчүн канчалык керектүү экенин дагы бир жолу тастыктады. Бирок Москва Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга шашылбай турат. Ал гана эмес, андан алда канча азыраак каражат талап кылган Жогорку Нарын каскадындагы орто ГЭСтердин курулушу да аксап турат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиядагы кризис ГЭСтин курулушун баштоону кечеңдетип жатканын белгилейт:

- Кризисти баарыбыз көрүп атабыз. Крымга кетип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү да сезип атабыз. Менин түшүнүгүмдө, Кыргызстанда ГЭСтерди курууну мойнуна алгандар менчик компаниялар. Бюджет тарабынан каржылоого орус тарабы башынан эле макул болмок эмес. ГЭСтерди курууга тартыла турган (Орусиянын) менчик компаниялардын акчасы. Компаниялар болсо кризистен кантип чыгабыз деп, автосүйүүчүлөрдүн тили менен айтканда “тормозду” тээп турушат.

Болот Жунусов Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда кыргыз тарапта да кемчиликтер болуп жатканын кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Жогорку Нарында ГЭСтерди курууга "Русгидро" тартылса, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга "Интер РАО" тартылган. Бирок "Интер РАО" финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу келишимди аткарууга жөндөмсүз болуп турат.

Эгерде орус тарап келишимди аткарууга жөндөмсүз же мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо, анда энергетикалык каатчылыктын азабын тартып жаткан Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга башка тараптарды, маселен, Кытайды тартса болбойбу деген маселе чыгат. Анткени Кытайда финансыдан кыйынчылык жок, 2 млрд. доллардан ашуун турган долбоорду каржылоого дарамети жетет. Анын үстүнө Кытай Сары-Жазда ГЭСтерди курууга кызыгуусун көрсөтүп келгени маалым.

Бирок Кытайды тартуу же инвесторду алмаштыруу чоң саясий маселе жаратышы ыктымал. Ага кыргыз бийлиги батынышы да кыйын.

Энергетикалык маселелер боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперт Жаныбек Оморов Кыргызстандын андай маселе көтөрүүгө акысы бар деп, келишимдерди түзүүдө Бишкектин катачылык кетиргенин эске салат:

- Биз жалаң эле орустарга байланып жатпайсызбы. Орустарга ишенип отура бергенге да болбойт. Орустарды көрбөдүкпү. Тажикстанга да бир топ убадаларды берип, көпкө чейин сүйрөп-сүйрөп, анан бааны аябай көтөрүп, аягы жакшы бүткөн жок. Ошон үчүн менин оюмча, бир беткей бирөөгө байланбаш керек. Конкурсту ачык жарыялап, башка инвесторлордун келишине шарт түзүш керек. Ошондо Кытай болобу, башка инвестор болобу, келет. Ошондой багытта барса, туура болмок. Жөн эле орустарга берип коюп, меморандумга колду коюп, качан кааласаңар сала бергиле деп, күтүп жата берген туура эмес да...

Жаныбек Оморов мындай маселени Москва алдына коюш үчүн саясий эрк керектигин, ага азыркы бийлик даабай жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов келишим түзүүдө кемчилик болгонго кошулат. Ошол эле мезгилде кыргыз тараптын чабалдыгы, коррупциялашканы ГЭСтердин курулушун кечеңдеткенин айтат. Камбар-Ата-1 ГЭСи көбүнчө геосаясий долбоор болгондуктан ага Кытайды эмес, кошуна мамлекеттерди тартуу туура болоор эле дейт Жекшенкулов:

- Кытайдын мамлекеттик резерви 3 трлн. доллардан ашты. Алардын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бирок экономикалык пайдасы аларга анча болбойт. Бул жерде ачык айтканда, саясий пайдасы көбүрөөк. Бул геосаясатка таасир эте турган долбоор. Ошондуктан андан көрө Казакстан, Өзбекстан менен биргелешип аткарабыз десе, Ислам Каримов деле мындай катуу кабыл алмак эмес.

Белгилүү болгондой, Өзбекстан президенти Камбар-Ата-1 долбооруна кескин каршы чыгып келатат. Орусия долбоорду аткарууда кошуна мамлекеттердин макулдугу керектигин билдирген.

Мына ушундай карама-каршылыктардын айынан Кыргызстандагы эң ири долбоор алдыга жылбай турат. Бийлик аны кайсы жагына жана кандай жылдырууну ойлонгону байкалбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG