Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Өз-жатка бөлгөн Орусиянын мектептери


Москвадагы мектептердин бири
Москвадагы мектептердин бири

Орусиядагы мигранттардын балдары жашаган жеринде каттоосу жок болсо, мектепке кабыл алынбай калууда. Директорлор муну билим берүү министрлигинин жаңы буйругуна шилтеме кылып түшүндүрүшүүдө.

Орусиянын билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, мигранттар балдарын мектепке киргизүүдө окуучунун каттоодо турган тастыктамасын алып келиши керек. Муну менен кошо ата-энеси өзүнүн Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн далилдеген документтерин көрсөтүшү зарыл. Министрликтин буйругуна шилтеме берүү менен, бул кагаздарды көрсөтө албагандардын балдарын директорлор мектепке албай коюшууда.

Москвада бир нече жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлбахар Якубова жээндерин мектепке быйыл бир топ убаракерчилик менен киргизген:

- Москвада чынында жагдай ар түрдүү. Кээ бир мектептер мигранттардын балдарын жөн эле кабыл алышат, айрымдары толтура документтерди сурап, убакытты созо берет. Бир эжемдин баласын, канча күн чуркап, толтура кагаздарды таап атып, араң өткөрдүк. Башка бир алысыраак эжемдин баласын болсо, жашаган жерге катталган аныктамасын, дагы башка тастыктамаларды сурап, эки-үч ай убара кылды. Бул эми биздин гана мисал. Мындай документтерди топтой албаган кээ бир мигранттардын балдарын мектептер кабыл албай койгон учурлары да бар.

Якубованын айтымында, мындай түйшүктөргө көбүнчө өзбек жана тажик мигранттары кабылууда:

- Көбүнчө аталган көйгөйгө Өзбекстандан, Тажикстандан жана Азербайжандан келген мигранттар кабылып жатат. Айрыкча, өзбекстандыктардын балдарын киргизбей койгондорун мен өз көзүм менен көрдүм. Тааныш өзбектер балдарын киргизе албай, кайра мекенине кеткен, же үйүндө балдарын карап олтурган учурлары да болуп атат.

Москвадагы “Жарандык көмөктөшүү” бейөкмөт уюмуна мектептерге балдарын киргизе албай калган 57 адам арыз менен кайрылган. Алардын арасында сириялыктар, өзбекстандыктар, тажикстандыктар жана кыргызстандыктар да бар. Ата-энелердин баарынан мектеп директорлору жашаган жеринде каттоого турган документтерин талап кылышкан. Мигранттар ар кандай шартта жашагандыктан, андай документтерди көрсөтө алышкан эмес.

“Жарандык көмөктөшүү” уюму бул ата-энелердин укуктарын коргоп Орусиянын Жогорку сотуна да кайрылган. Бирок андан мигранттар күткөндө жыйынтык болгон жок. Уюмдун жетекчиси Светлана Ганнушкина буларга токтолду:

- Орусиянын сыртындабы, же ичиндеби, каерде болбосун мектептен тышкары калган балдар биздин коом үчүн чоң коркунуч. Алар криминалдык чөйрөгө оңой эле кирип кетет. Алар кайра өзүбүзгө эле зыян алып келет. Ошондуктан Орусияда жашагандардын билимдүү болушуна баарыбыз кызыкдар болушубуз керек. Бул балким бизге оорчулук алып келиши мүмкүн. Америкада деле, Германияда деле мигранттардын балдарын окутуу түйшүктүү экенин билебиз. Бирок аларды окутуу өтө зарыл. Башка жагынан алганда Баш мыйзамда ар бир бала статусуна карабай билим алууга укуктуу деп деп жазылган. Анда министрликтин бир буйругу Конституцияга эмне үчүн каршы келиши керек?

Орусиянын билим берүү жана илим министрлиги өз буйругундагы пунктту сунуш катары бергенин, муну айрым директорлор түшүнбөй калгандан улам талаш жаралып жатканын айтууда.

Министрликтин өкүлү Ольга Федорова «Азаттыктын» орус кызматына берген маегинде буларга токтолду:

- Өткөн жылдын башында чыккан №32 буйрукта орундар калбай калган кезде гана директорлор окуучулардын арызын кабыл албай коюуга укугу бар деп жазылган. А каттоо болсо зарыл учурда талап кылынышы керек деген сунуш катары берилген. Эгер мектеп мигранттардын балдарын ошого шылтап кабыл албай койсо, арыз жазып, сотко кайрылуу керек.

Бирок жеке арыз турмак, 57 мигранттын дүңүнөн берилген арызы да Орусиянын Жогорку сотунда канааттандырылган жок. Сот мектеп жетекчиликтеринин балдарды кабыл албаган чечимдерин мыйзамсыз деп табуудан баш тарткан. Бирок ата-энелер укук коргоочулар менен бирге дагы башка арыз берүүгө даярданууда. Алар соттон утуп чыгышкан күндө деле эми балдары келээрки окуу жылынан тарта мектепке барууга мүмкүнчүлүк алышат. Ага чейин жүздөгөн балдар быйыл үйдөн чыкпай отурууга аргасыз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG