Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Кыргызстан ПАСЕге өнөктөш болду


Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын жалпы жыйыны. Страсбург шаары, Франция
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын жалпы жыйыны. Страсбург шаары, Франция

Страсбургда Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) жалпы жыйынында кыргыз парламентине демократияга өнөктөш деген макамды караган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Кыргызстан Борбор Азия ичинен мындай макам алган биринчи өлкө болду. Бул кыргыз парламентине эмне берет? "Азаттыктын" суроолоруна Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева жооп берди.

Сасыкбаева: Биринчиден, Кыргызстан Европанын борборунда өз маселелерин көтөрө ала турган аянтча үчүн өбөлгө түзүлүп жатат. Кандай маселе болбосун, биз күн тартибине киргизсек болот. Андан тышкары, биздин алты депутат бир жылда төрт жолу келип, комитеттерде иштесе болот. Пленардык жыйындарда да сөз берилет. Албетте, башка мамлекеттердин депутаттары менен байланышып, билим, тажрыйба алмашканга да шарт түзүлөт.

"Азаттык": ПАСЕде Кыргызстан боюнча маселе каралып жатканда Орусиянын өкүлү кыргыз демократиясынын жетишкендиктерин жокко чыгарып сүйлөгөндөй болду...
Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева
Сасыкбаева: Ал жаш жигит экен, Кыргызстанды деле жакшы билбесе керек. Жөн эле сүйлөп койгондой болду... Ага чейин комитеттерде талкуу жүрүп жатканда Орусиянын ПАСЕдеги делегация башчысынын орун басары Леонид Слуцкий колдоп сүйлөгөн. Береги жаш баланын айткандарына эч ким деле көңүл бурган жок. 90 депутаттын 88и бизге "макул" деп добуш берди.

"Азаттык": Айрым европалык депутаттар Кыргызстан өтө исламдашып баратканын айтууда. Бүгүн, мисалы, бир депутат ошондой пикирин айтты...

Сасыкбаева: Европалык депутаттар биздеги көйгөйдү жакшы эле түшүнөт. Ал эми бүгүн сүйлөгөн депутаттын айтканына караганда, ал биздин регионду анча жакшы билбейт экен. Өзүнүн ислам жөнүндө түшүнүгү да жок окшойт. "Кыргызстан келечекте такыр эле ислам тарапка ооп кетип, бизге тоскоолдук жаратпайбы, жамандык алып келбейби?" деп айтты. Бирок бизди колдогон депутаттар анын айтканынын баарын жокко чыгарды.

"Азаттык": ПАСЕде демократияга өнөктөш деген макам Кыргызстанды эмнеге милдеттендирет?

Сасыкбаева: Албетте, милдеттерибиз да бар. Кыргызстан адам укуктарын коргоо, сот ишин жакшыртуу, демократизация, коррупцияга каршы күрөш боюнча алдына койгон максаттарына жетүү үчүн биз, депутаттар өз салымыбызды кошуп, иштешибиз керек.
XS
SM
MD
LG