Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Башкы Ассамблеяда дүйнөлүк кризистердин себептери айтылды


АКШ -- БУУнун башкы имараты, Нью-Йорк
АКШ -- БУУнун башкы имараты, Нью-Йорк

Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйыны өтүп жатат. “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу, Украина кризиси, Эбола вирусу, эл аралык маселелерди чечүүгө өнүгүп келе жаткан дүйнөнү аралаштыруу БУУ трибунасына жыйындын башында чыккан лидерлер козгогон негизги темалардан болду.

Башкы Ассамблеянын 69-сессиянын ачылышында сүйлөп жатып, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун адам укуктары азыр дүйнө боюнча “чабуул алдында” калганын эскертти:

- Быйылкы жылы үмүттүн жарыгын караңгылык каптай түштү. Биздин жүрөгүбүз айтууга болбой турган иштерден, бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылышынан улам ооруп турат. Кансыз согуштун карааны биздин доордун артынан түшүү үчүн кайтып келди. Биз Араб жазы кыянатчылыктарга айланып кеткенине күбө болдук. Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан бери биз мынчалык санда качкындарды, жер которгондорду, башпаанек издегендерди көрө элек болчубуз.

Пан Ги Мун дүйнөнүн учурдагы олутуу кризистери деп согушкерлердин “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сириядагы варвардык аракеттерин, Украинадагы уруштарды, Газада жакында болгон согушту, Батыш Африкада жайылып жаткан Эбола вирусун атады. Ал бул кризистерди жөнгөрүү үчүн эл аралык кызматташтыкка чакырды.

БУУ трибунасына башкатчыдан кийин көтөрүлгөн Бразилия президенти Дилма Руссеф өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Дүйнөлүк банк, Валюта кору өңдүү эл аралык каржы институттарында чечим кабыл алууга катышуу мүмккүнчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына токтолду. БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону тездетүүгө да үндөдү:

- БУУнун Коопсуздук кеңешинде нукура реформа жүргүзүү азыркы параличти жеңүү үчүн талап кылынат. Бул иш узакка созулуп кетти. Коопсуздук кеңеши шал болуп, аракеттене албай калуусу канчалык коркунучтуу экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз деген ишенимдемин. Өкүлчүлүгү, легитимдүүлүгү кеңейсе Коопсуздук кеңешинин эффективдүүлүгү да күчөйт.

200гө жакын өлкө кирген БУУнун Коопсуздук кеңешинде азыр беш гана туруктуу мүчө бар, калган он мүчөсү ротациялык жол менен алмашып турат.

Ирак менен Сириядагы террорду, Эбола вирусун, Орусиянын Украинадагы “агрессиясын” учурдун олуттуу маселелери катары АКШ президенти Барак Обама да атап, төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул проблемалардын ар бири чукул көңүл бурууну талап кылат. Бирок алар андан кеңири проблемалардын симптому - биздин эл аралык системабыз ич ара чырмалышып калган дүйнө менен тең кадам шилтей албай ураганы. Биз өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо жөндөмүнө талаптагыдай инвестиция кылган эмеспиз. Ыңгайсыз болгон учурда да эл аралык нормаларды сактоону камсыздай албаганыбыз. Дүйнөнүн көп бөлүктөрүн кыянатчыл экстремизм менен азыктандырган сабырсыздыкка, диний жиктелүүгө, үмүтсүздүккө каршы жетиштүү чара көрө албаганыбыз.

АКШ президенти Ирак менен Сириянын ири бөлүктөрүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” тобун “өлүмдүн түйүнү” деп атап, аны күч менен гана жеңүүгө болорун белгиледи. Өз сөзүндө дүйнөнүн мусулман жаштарына да кайрыла кетти:

- Мен ушул жерден мусулман дүйнөсүнүн жаштарына түздөн-түз кайрылгым келет. Сиздер түркөйлүккө эмес, билимге, талкалоого эмес, инновацияга, адам өлтүрүүгө эмес, өмүрдүн кадыр-наркына таянган улуу салттан чыккансыңар. Сиздерди ушул жолдон чыгууга азгыргандар бул салтты коргошпостон, аны сатып жаткандар.

Обама сөзүндө Орусиянын Крымды аннексиялоосу чоң мамлекеттер кичинесин кодулаган доорго кайткандык деп мүнөздөп, Украинадагы тынчтык Кремлге көз каранды экенин кошумчалады.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары 30-сентябрга чейин уланат. Анын ишине140тан ашуун өлкөдөн президенттер премьер-министрлер, министрлер катышууда.

Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 27-сентябрда сөз алат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG