Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:37

Кыргызстандык сүрөтчүнүн Венадагы көргөзмөсү


Көргөзмөнүн ачылышында.
Көргөзмөнүн ачылышында.

БУУнун Венадагы эл аралык борборунда кыргызстандык сүрөтчү Халида Шимованын көргөзмөсү өтүүдө. Бул кыргызстандыктардын абройлуу Вена эл аралык борборунда өтүп жаткан алгачкы көргөзмөсү. Ал “Азия мозаикасы” деп аталып, 27-майга чейин уланат.

Кыргызстандык сүрөтчү Халида Шимованын көргөзмөсү “Азия мозаикасы” деген ат менен өтүп жатат. Кооз сүрөт-куракта бети тотук балдар менен кадырман карылар, сулуу балерина менен желге жеткирбеген тулпарлар, карга оронгон бейпил шаар менен кыжы-кужу чыгыш базары, Кытайдагы келбеттүү дунган кыздары менен кооз жайлар – мына ушунун баары айкалышып турат.

Халиданын улуту дунган. Ал Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунан Кыргызстанга үй-бүлөсү менен бала чагында көчүп келген. Анын кичинесинен эле сүрөт тартууга шыгы ойгонуп, Бишкектеги Пионер сарайындагы ийримге катышкан кезде таланты өрчүйт. Мектепти бүткөндөн кийин Санкт-Петербургга барып, атактуу И.Е.Репин атындагы жипопись, скульптура жана архитектура иннститутунун архитектура бөлүмүнө өз алдынча тапшырат.

Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин Халида Бишкекке кайтып келип, турак жайлар жана кеңселер боюнча дизайнер жана архитектор болуп иштеген. Бирок ал сүрөт тартууну эч токтоткон эмес жана кыл калемден жаралган чыгармаларын Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү көргөзмөлөргө коюп келет.

Көргөзмөгө келген коноктор
Көргөзмөгө келген коноктор

Халида Шимова өзүнүн эмгектери менен 2000-жылы Түркияда ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгын алса, 2012-жылы Кытайдагы эл аралык көргөзмөгө катышкан. Өткөн жылы Нью-Йоркто «Алтын бүркүт» сыйлыгын утуп алган.

Халида Шимованын Венадагы көргөзмөсүнүн ачылышына БУУнун кызматкерлери, Австриядагы Кыргызстандын элчилигинин, Австрия-Кыргызстан коомунун мүчөлөрү жана Венадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Вена борборунун алдындагы Искусство клубунун президенти Раймонд Надер жана Кыргызстандын Австриядагы элчиси Эрмек Ибраимов маданият тармагындагы кызматташтыкты колдоо зарылчылыгына жана маанисине токтолушту. Австрия-Кыргызстан коомунун вице-президенти Мартин Шойсволь өз сөзүндө Кыргызстандын Австрияда тааныла баштаганын өзгөчө белгиледи.

Көргөзмөгө келген коноктор
Көргөзмөгө келген коноктор

Аталган көргөзмөнүн демилгечилери кыргызстандык Тамара Отунбаева менен Мира Турдалиева, ошондой эле Австрия-Кыргызстан коомунун мүчөлөрү болду. Маданий иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө МАГАТЭнин кызматкери, Мира Турдалиеванын жолдошу Бахтияр Сираджов опол тооодой жардам көрсөттү. Ал эми көргөзмөнү өткөрсө болорун Раймонд Надер сунуштаган.

Австрия-Кыргызстан коому 2001-жылы түзүлгөн. Анын максаты - эки өлкөнүн маданий жана туризм жаатындагы кызматташтыгын күчөтүү. Уюм ишке ашырган долбоорлордун катарында кыргыз кинорежиссеру Актан Арым Кубаттын тасмасын Венада көрсөтүү, белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин Венадагы Борбор Азия сүрөтчүлөрүнүн катышуусун уюштуруу, дипломаттарды жана журналисттерди Кыргызстанга алып келүү, ошондой эле кыргыз уздарынын буюм-тайымдары коюлган БУУнун алдындагы кайрымдуулук жармаңкесине катышуу бар экенин айтса болот.

XS
SM
MD
LG