Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди.
Атактуу адабиятчы, сынчы, акын жана илимпоз Салижан Жигитов өлкөнүн коомдук турмушундагы күнүмдүк окуялардан тартып, коомдогу жат көрүнүштөргө чейин дайыма пикирин ачык айтып келген.
Өзбекстандын Алишер Навои атындагы мамлекеттик академиялык чоң театры Бишкекке алгачкы ирет чыгармачыл сапар менен келди.
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак мектеби жаңы имаратка муктаж. Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир кылым мурда салынган окуу жайдын имаратын кооптуу абалда деп корутунду чыгарган. Ушул тапта ал жерде 36 бала жашап, билим алууда.
1916-жылы Үркүндө Кытайга жер оодарып кеткен кыргыздардын баскан жолу картага түшүрүлдү.
Украинанын Орусия кол салган алгачкы айларында блокадада калып, киши өлүмү эң көп болгон Мариуполь шаарынын тагдырын баяндаган документалдык тасма быйыл «Оскарга» татыды. «Оскар» сыйлыгын быйыл эң көп алган тасма, киносынчылыр божомолдогондой эле, «Оппенгеймер» болду.
Мындан 100 жыл илгери жаш Түркия жумуриятында “халиф” институту жоюлган. “Халифаттын” жоюлушун колдогондор да, ага каршы чыккандар да арбын болгон. Башка өлкөлөрдө да халифатты жандандыруунун майнапсыз далаалаттары болгон.
Окууну бүтүп мектепте иштеп жүргөн мугалим убакыттын билинбей өткөнүн, шарт-жагдай кескин өзгөрүп кеткенин туйбай калыптыр. Жакындары аны эптеп эле күйөөгө беришке кызыкдар болчу, анысын аткарышты, бирок ал бактысын таба албады. Ризван Исмаилованын “Окулбаган каттар” аңгемеси.
Мексикада жоголгон адамдардын сөөгүн термодрондор издей баштады. Акылдуу үйлөрдү курууда ак кумуркалардын тажрыйбасы баалуу табылга болушу мүмкүн. Пандалар деңиз түбүндө да жашашат. Асциядынын бул жаңы түрү илимпоздордун кызыгуусун арттырууда.
8-мартта Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнү белгиленип жатат. Кыргыз акындары аялзатын ыр менен куттуктап, жакшылык каалашты.
Дагы жүктөңүз