Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.
Кыргызстандагы “ала качуу же адам уурдоо” көйгөйүн өзгөчө өңүтүнөн чагылдырган “Бурул” аттуу кыска метраждуу фильм март айында Швециянын Мальмо шаарындагы BUFF кинофестивалына жана Швейцариядагы Фрибур эл аралык кинофестивалына катышууда.
Түштүк кореялык изилдөөчүлөр күрүчтүн данына уйдун клеткаларын өстүрүштү. Азык-түлүк салган желим баштыктар, балдардын оюнчуктары жана медициналык каражаттар жасалган пластикте мурда аныкталгандан 3 миңге көп химиялык зат бар экени аныкталды.
Кыргызстандагы “ала качуу же адам уурдоо” көйгөйүн өзгөчө өңүтүнөн чагылдырган “Бурул” аттуу кыска метраждуу фильм март айында Швециянын Мальмо шаарындагы BUFF кино фестивалына жана Швейцариядагы Фрибур эл аралык кино фестивалына катышты. Анын режиссеру Адилет Каржоев “Азаттыкка” маек курду.
Америкалык режиссер Фрэнк Чи теги тайвандык баскетболчу Жереми Лин жөнүндө тарткан даректүү тасмасы менен таанымал. Ал Бишкекте бир нече күн жаштар менен иштешип, аларды өз кыялына жетүүгө шыктандырды. Фрэнк Чи ат жалында "Азаттыкка” маек курду.
Чехтер путиндик режимдин Украинага каршы баскынчыл согушун айыпташууда.
Бутуңузга каз таман жабдык байланып, тоого чыктыңыз беле? Калың карды жиреп баскан туризмдин бул түрүн өнүктүрүү аракети башталды. "Азаттыктын" кабарчысы Швейцариядан келген гид баштаган топ менен тоого чыгып келди. Адистер Ысык-Көлдө туризмдин бул түрүн жайылтуу маанилүү экенин белгилешет.
Акын, ырчы, комузчу Аскат Жетиген элге өнөрү менен таанылган. Ал Самара Токтакунова, Нурак Абдрахманов, Зайнидин Иманалиев жана Кенже Кубатованын колунан таалим алып, улуттук өнөрдүн улуу көчүн улаган. Соңку маалда жарандык позициясын билдирип, коомдун жүрөк өйүгөн көйгөйлөрүн көтөрүп жүрөт.
Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди.
Атактуу адабиятчы, сынчы, акын жана илимпоз Салижан Жигитов өлкөнүн коомдук турмушундагы күнүмдүк окуялардан тартып, коомдогу жат көрүнүштөргө чейин дайыма пикирин ачык айтып келген.
Өзбекстандын Алишер Навои атындагы мамлекеттик академиялык чоң театры Бишкекке алгачкы ирет чыгармачыл сапар менен келди.
Дагы жүктөңүз