Окууну бүтүп мектепте иштеп жүргөн мугалим убакыттын билинбей өткөнүн, шарт-жагдай кескин өзгөрүп кеткенин туйбай калыптыр. Жакындары аны эптеп эле күйөөгө беришке кызыкдар болчу, анысын аткарышты, бирок ал бактысын таба албады. Ризван Исмаилованын “Окулбаган каттар” аңгемеси.
Мексикада жоголгон адамдардын сөөгүн термодрондор издей баштады. Акылдуу үйлөрдү курууда ак кумуркалардын тажрыйбасы баалуу табылга болушу мүмкүн. Пандалар деңиз түбүндө да жашашат. Асциядынын бул жаңы түрү илимпоздордун кызыгуусун арттырууда.
8-мартта Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнү белгиленип жатат. Кыргыз акындары аялзатын ыр менен куттуктап, жакшылык каалашты.
Кыргызстанда карапайым элдин турмушун жеңилдетип, тазалык ишканасын түзүп, үйүн бала бакчага берип, фитнес борбор ачып, бала бакча курдуруп, жол салдырган айымдар бар. "Азаттык" атайын Ошко сапар тартып, жигердүү айымдардын жетишкендерин тартып келди.
Соңку кездери өлкөдө кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган жаштар арбыды. Алар атактуу акындардын элге сиңген ырларын жагымдуу музыканын коштоосунда окуп, сүрөт-видеолор менен жасалгалап, социалдык тармактарга жүктөп, өз окурмандарын табууда.
Манас таануу менен алтай таануунун айрым көйгөйлөрү жөнүндө блог
Таланттуу кинорежиссер, тарыхчы-этнограф Мелис Убукеев алгачкы кыргыз көркөм тасмасын жаратуу аркылуу кыргыз киносунун тарыхында калды.
Узак жылдардан бери имараты жок болуп келген Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры өзүнүн жеке, жаңы имаратында ишин баштады. Ага былтыр Бишкектеги "Октябрь" кинотеатры пайдаланууга берилген эле. Эми маданий жай көрүүчүлөргө эшигин ачты.
Сталинизм жана эстутум
Жалал-Абад маданият техникумунун кеминде үч кызматкери жумуштан кетип, жетекчиликтин ишине нааразы болушууда.
Быйыл Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесинде көк бөрү жана кыргыз күрөшү жок экени белгилүү болду. Маданият министри Алтынбек Максүтов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул улуттук эки оюнду тизмеге киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү.
Дагы жүктөңүз