Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Cаясий партиялар жана демократия


Бекташ Шамшиев 11-ноябрда Бишкекте эларалык Конрад Аденауэр фонду менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги биргелешип уюштурган "Саясий партиялар жана демократия" деген аталышта "айтегерек үстөл" жыйыны өттү. Кабарчыбыз Бекташ Шамшиевдин жыйындан уюштурган репортажына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Көп партиялуулук Кыргызстан үчүн жаңы көрүнүш. 5 миллион калкы бар республикада отуздан ашуун саясий партиялар катталган, алардын арасынан коммунисттер баш болгон 6 партия парламентке партиялык тизме боюнча өткөн. Булардан тышкары бир мандаттуу округдардан парламенттин кош палатасына биртоп саясий партия мүчөлөрү депутаттыкка шайланган. Жарандык коом менен парламенттеги саясий партиялардын ролун аңдоого арналган "Саясий партиялар жана демократия" "айтегерек үстөл" жыйынын ачкан эларалык Конрад Аденауэр фондунун Борбор Азия чөлкөмү боюнча өкүлү Томас Кунце саясий партиялар саясий күчтөрдүн өз ара диалогун камсыз кылууга чакырылганын эскертип, Кыргызстандагы соңку окуялар эл менен бийликтин өз ара ымалага келүүсүн шарттап атканына токтолду . Германия федеративдүү республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Клаус Ахенбах демократия узак жылдарга созулчу процесс, он жыл аралыгында ага жетүү мүмкүн эместигине басым жасады. Жыйында сөз алып сүйлөгөн "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынын төрага орунбасары Жыпар Жекшеев соңку парламенттик шайлоого аркандай шылтоолор менен КДК, "Арнамыс" партиялары киргизилбей калганын билдирди, "Сот аркылуу ар кандай шылтоолор менен бизди каттоодон өткөрбөй койду", деп билдирди ал. Германиянын Саксония жергесинин парламент мүчөсү, профессор Фолькер Шимпфф бийликтин ичара бөлүштүрүлүшү демократиянын негизги шарттарынан экендигине токтолуп, Европада бул принциптин узак жылдарды камтыган тарыхы бар экендигине басым жасады. Анын айтымында "партос" латын сөзү, "бөлүк" дегенди билдирет. Саясий партиялар жарандык коомдогу көз карашты толук чагылдырып турат. Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова жыйын тууралуу пикирин мындайча бышыктады Анын пикиринче, мындай жыйындардын өтүп турушу пайдалуу, Партиялар парламент аркылуу гана өз пикир, сунуштарын элге жеткире алышат. Жаңы Конституцияда парламенттин жарым ордун партияларга берүү керек. Кыргыз улуттук университетинин профессору, белгилүү саясат таануучу Аалыбек Акуновдун пикири боюнча, "айтегерек үстөл" жыйынында айтылган пикир сунуштардын саясий партиялардын өнүгүп-өсүшүнө кадыресе таасир тийгизер жөнү бар. Биздеги саясий партиялар азыр калыптануу жолунда. Германияда партиялардын иштеши үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Кыргызстан жетимиш жыл бир партиянын көзүн карап жашап келди. Германияда андай болбоду. Бизде айрым партия мүчөлөрү партиялык тизме боюнча парламентке өтүп, бирок башка фракцияларга кошулуп кеткен учурлары кездешет. Бул партиялардын жаштыгы менен түшүндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG