Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

АКШ: КОРГОНУУНУН ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯСЫ


20-майда Вашингтон баллистикалык ракеталардан коргонуу жөнүндөгү кезектеги билдирүүсүн жарыялады. Документте жаңы антиракеталык система душман мамлекеттер менен террористердин мүмкүн болчу чабуулдарынан коргонуу үчүн керек деп айтылат. Жаңы стратегияда бул багытта Россия өңдүү башка мамлекеттер менен кызматташууну өөрчүтүү зарылдыгы белгиленген.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук аракеттерден кийин Ак Үй өзүнүн улуттук коопсуздук саясатын кайра карап чыгып, приоритеттерин аныктоого мажбур болгон. Анын алкагында буга чейин президент Буш тарабынан эки атайын директивага кол коюлган. Биринчиси “АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясы” деп аталып, анда аскерий чабуулдарды алдын алуу чаралары көрсөтүлгөн. Аталган документ иш жүзүндө Американын 11-сентябрдан кийинки коргонуу саясатын аныктоочу стратегия болуп калды.

Экинчи директива өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралды жайылтпоо жана алардын экспортуна бөгөт коюну көздөйт.

20-майда жарык көргөн жаңы документте ракеталардан коргонуу системасын өнүктүрүү жөнүндө айтылган. Президент Буштун айтымында, анын максаты узун аралыкка уччу ракеталарды агрессиянын куралы катары колдонгон душмандарга туруштук берүү болуп эсептелет. Байкоочулар Буш Түндүк Корея өңдүү өлкөлөр жөнүндө сөз кылып жатканы айтпса да белгилүү дешет. Буга чейин Пхеньян өзөктүк жана ракеталык программаларын шантаж катары колдонуу үчүн пайдаланып жүрөт деген Ак Үйдүн айыптоосуна кабылып келген. Соңку президенттик шайлоо кампаниясы учурунда Буш 1972-жылы АКШ менен СССР ортосунда түзүлгөн “Баллистикалык ракеталардан коргонуу келишиминен” Вашингтон чыгышы керек, анткени Түндүк Кореянын ракеталары Американын жээгине чейин учуп келүүгө жөндөмдүү деп үгүттөгөн эле. Былтыртан баштап Ак Үй формалдуу түрдө аталган келишимден баш тарткан.
Жаңы документте “ракетадан коргонуу боюнча улуттук стратегия” жана “ракетадан коргонуу жаатында шериктерге жардам көрсөтүү” деген түшүнүктөр мурдагыдай бөлүнбөйт. “Биз өнүктүрө турган жаңы система жалгыз гана АКШны коргобой, анын санаалаштары менен шериктерин коргоого жөндөмдүү болот”, - делинет документте.
Директивада ошондой санаалаш шериктер арасында Россия да аталаган.

21-майда президент Буштун жардамчылары брифинг өткөрүп, жаңы стратегия кандайдыр бир даражада япон өкмөт башчысы Юнихиро Коудзуминин АКШдагы сапарын утурлай жарык көргөнүн белгилешти. Япония антиракеталык коргонуу жаатындагы АКШнын изилдөөлөрүнө тартылганы маалым. Андан тышкары Түндүк Корея кризиси Токиодо Вашингтондун программасына Япония кошулушу керекби деген дискуссияны жараткан.

Россиянын коргоо министри Сергей Иванов Малайзиядагы визити маалында Москва ракетадан коргонуу системасын жөнгө салуу жаатында Вашингтон менен кызматташууга даяр деп, Кремлдин сунуштары менен тааныштырган эле. Бирок “Нью-Йорк Таймстын” жазганына караганда, аталган сунуш бир катар шарттар менен коштолгон. Мисалы, космосту демилитаризациялоо, интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды сактоо жана башка ушул өңдүү талаптар белгиленген.

Адистердин айтымында, жаңы саясатта күтүүсүз эч нерсе деле жок. АКШ администрациясынын айрым өкүлдөрү белгилегендей, директива жылына 8 миллиард доллар талап кылынган куралдануу программасын чечмелеп түшүндүрүүгө көбүрөөк багытталган. Ушул тапта Конгрессте администрациянын 2004-жылкы аскерий керектөөлөрүнүн долбоору талкууланып жатат. Демократтар жаңы программанын айрым жерлери шашылыш жана толук эмес түрдө чагылдырылганын сынга алышты.

Жаңы системанын зарылдыгы жөнүндө сөз кылып жатып, Ак Үй бүгүнкү “душман мамлекеттер” туудурган коркунуч кансыз согуш маалындагы СССРдикинен айрмаланаарын белгилеп, алардан коргонуу үчүн жаңы ыкмалар керектигин белгилейт.

Документке ылайык, эмдиги жылдан баштап ишке ашырыла турган программа коргонуу стратегиясы жаатындагы жаңы эволюциялык мамилеге карай алгачкы кадам болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG