Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН КЕҢЕЙТҮҮ АРАКЕТТЕРИ БАШТАЛДЫ


Бириккен улуттар уюмунун ушул аптада аяктаган 59-сессиясындагы башкы маселелер – террорчулук, массалык кыргын салуучу куралдар, жакырчылык жана эл аралык өнүгүү жолдору болду. Ошол эле маалда дал ушул жыйында көпчүлүк мамлекеттердин башчылары Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин кеңейтип, анын иш тартибин жаңылоо зарыл деп белгилешти. Кофи Аннан бардык мамлекеттерди мыйзамдарга баш ийүүгө үндөсө, Жорж Буш демократияны жайылтууга, Первез Мушарраф мусулмандар менен Батыштын ортосунда күчөп бараткан ажырымга көңүл бурушту.

Дүйнөнүн ар башка аймактарында кол салуулар, кан төгүү, жанкечти чабуулдар орун алып жаткандыктан, БУУнун Башкы ассамблеясынын быйылкы жыйынында эл аралык коопсуздук көйгөйү күн тартибиндеги эң башкы маселе болду.

10 күнгө созулган жыйында алгачкы күндөрү сөз алган Пакистандын президенти Первез Мушарраф дүйнөдө азыр кедей жана бай мамлекеттер ортосундагы жарака тереңдеп, анын башкы кесепети мусулмандарга тийип жатканын, акырындап Батыш менен ислам дүйнөсү ортосунда "темир көшөгө" тартылып баратканын белгиледи.

-Азыр тымызын тирешүү заманы өкүм сүрүүдө. Дүйнө жүзү бейпилдик, бири-бирин түшүнүшүү, жаңыланууга зар болуп турган кез. Биздин башкы максатыбыз – региондордо жана жалпы дүйнөдө ынтымак-ырашкерлик орнотуу аркылуу жалпы өнүгүүгө умтулуу болушу керек.


Пакистандын президентинен кийин сөз алган көптөгөн мамлекет башчылары дүйнөдөгү касташууну токтотуу маселесинде башкы роль жүктөлгөн Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоого үндөштү.


Бириккен улуттар уюму түзүлгөн 59 жылдан бери ага мүчө мамлекеттердин саны төрт эсе көбөйүп, азыр ага 191 өлкө кирет. Ушунча жылдан бери Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бир гана жолу курамын кеңейтип, азыр ал алгачкы 11 мамлекеттин ордуна 15 өлкөнү бириктирет.

Ал эми андагы чечүүчү добушка, вето коюу укугуна ээ беш мамлекет – экинчи дүйнөлүк согуштан бери эл аралык эң күч-кубаттуу түзүлүш статусун бекем сактап келатат.


Бирок соңку он жылдан бери Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер арасында Коопсуздук кеңешине туруктуу жана мезгилдүү шайланчу жаңы мүчөлөрдү кошуу маселеси улам көтөрүлүп, талашка түшүп келатат. Бул жолку сессияда Бразилия, Германия, Индия жана Жапониянын жетекчилери көшөгө артында жолугушуп, Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуп кирүүгө бирдиктүү аракет көрө баштаарын жарыялашты.


Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дүйнөлүк уюм жаңы коопсуздук шарттарында айрым реформаларга муктаж экенин колдоп, бул маселе декабрь айында жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланарын билдирди. Баш катчы бир катар мамлекеттер Ирак, Судан жана башка аймактарда эл аралык мыйзамдарды бузуп жатканына басым жасады.

-Бүгүн мыйзамга баш ийүү маселеси дүйнөнүн ар башка жерлеринде коркунучка кабылды. Улам бир жерде мыйзамдар одоно бузулуп, урматталбай жатканына күбө болуудабыз, аларды бузгандар бейкүнөө адамдардын, жаш балдардын өмүрүн да баалаган жок.



Аннандын бул сөздөрүн бир катар мамлекеттер колдоп, Ирактагыдай бир тараптуу курал колдонуу – кооптондурчу көрүнүш экенин белгилешти.

Орусия – Улуттар уюму тарабынан түзүлгөн террорчулукка тиешеси бар адамдардын кара тизмесин кеңейтүү, андай кишилерди талап кылган өлкөгө өткөрүп берүү жөнүндөгү сунуш киргизди. Бул резолюция долбоорун Коопсуздук кеңеши качан караштырары азырынча белгисиз.


АКШ президенти Жорж Буш дүйнөдө демократияны жайылтуу ишин колдой турган атайын фонд түзүү демилгесин көтөрдү.


Вашингтон Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы демократиялык долбоорлорду колдоо ишин аркалап жатканын кубаттап, бирок атайын каражат топтолгон фонд демократия жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү соттордун көз карандысыздыгын, сөз эркиндигин, саясий партияларды өнүктүрүүгө салым кошмок деп эсептейт. Бул сунуш өнүгүп келаткан көпчүлүк өлкөлөр тарабынан колдоого алынды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG