Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ: «ШАЙЛООДО ЫПЛАС ЫКМАЛАР ПАЙДАЛАНЫЛДЫ»


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 15-мартта Жалалабат шаарында Кыргызстан Элдик курултайы өттү. Курултайдын жыйынтыктары жана парламенттик шайлоонун сабактары туурасында саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Жакында Жалалабатта өткөн Кыргызстан элдик курултайында ишке жарамсыз болуп калган облустук бийликтин ордуна элдик бийликтин структурасы түзүлдү. Ошентип Кыргызстанда кош бийлик пайда болдубу?

- Сиздин айтканыңыз кандайдыр бир деңгээлде туура. Анткени кечээ күнү мен атайын Жалалабатка барып, ошол жердеги элдин көңүлүн, оюн угуп, көрүп келдим. Мага кызык болду Жалалабатта эл эки жумадан бери облустук администрацияны ээлеп алышып, бербей отурушат. Чындыгында азыркы бийлигибиздин алсыздыгынан болобу же элди башкара албай калганынан болобу, жергиликтүү деңгээлде кандайдыр бир экинчи бийлик пайда боло баштады. Буга элдин көңүлү, ой-пикири алып келип атат. Эгерде биз ушул бойдон кете турган болсок, анда бүт баардык региондордо ушундай маселелер көбөйүп баштайт. Анткени эл түшүнүп атат кыйын болуп калганын. Айла кеткенде өздөрүнчө ушундай кошумча уюмдарды, башкаруу системаларын түзгөнгө аргасыз болуп калды. Менин оюмча Жалалабат да ошол жол менен кетти окшойт.

- Сизди парламенттик шайлоодон чыгарып салгандай ыплас ыкма Бакайата округунда гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанда колдонулуп баштады. Муну кандай түшүндүрөр элеңиз?

- Мындай ыплас ыкма бардык региондордо пайдаланылды. Тың-тың деген жигиттердин бардыгына каршы пайдаланып, аларды шайлоодон өткөрбөй же алып таштоонун жолу болуп калды. Мен барган жердин баардыгында айтып отурдум, мен депутат болбой деле жашайм. Кеп анда эмес. Негизгиси - элдин оюна, баасына татыган адам ансыз деле элдин депутаты болуп калат. Азыркы күндө мен ансыз дагы депутат болдум деп ойлойм. Анткени кимдин ким экенин убакыт бат эле көрсөтүп коёт. Экинчи нерсе - жанагыдай ыплас оюндардын бир жаман жери бар. Бүгүн бул ыплас оюндар бийликтин тактикалык тапшырмаларына туура келет. Анткени кандайдыр бир жол менен мага окшогон тың адамдарды, күчтүүрөк жигиттерди алып таштоого жардам берип атат. Бирок стратегиялык максатта биринчиден президенттик шайлоо жакындап келатат. Ал убакта ушундай технология колдоно турган болсо, анда мамлекетибиз кайсы жакка барат, бүгүнкү күндө аябай кыйын болуп калат. Президенттик шайлоодо бул биринчиден, бийликтин өзүнө тийе турган ок болуп эсептелет.

- 14-марттан бери №55 Бакайата шайлоо округунун шайлоочулары облустук администрацияны ээлеп алышып, райондун акимин жана облус губернаторун барымтага кармап отурушат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Бул тилекке каршы, чындык. Шайлоо бүткөндөн кийин 14-мартта мен өзүмдүн тарапкерлеримди чогултуп алып айттым: азыркы бийлик өкүлдөрүнүн күчү менен, экинчиден, акчанын, үчүнчүдөн, арактын күчү менен өттү шайлоо деп. Мен шайлоочуларыма ыраазычылыгымды билдирип, Бишкекке кеттим. Ошол күнү кечинде элдер чогулуп, өздөрүнүн нааразычылыгын билдире башташыптыр. Анан дароо эле мага телефон чалышты. Азыр губернатордун кабинетинде эл менен губернатор сүйлөшүп, алар менен чогуу отуруп атыптыр. Бир аздан кийин элден бошотуп берүүсүн суранам (Равшан Жээнбеков сөзүнө туруп, губернатор Искендер Айдаралиевди элден бошотуп алды – ред.). Эл макул болсо биз буга барышыбыз керек. Анткени дайыма кармап отурган туура эмес болуп калат. Экинчиден, бул маселени тынчтык жолу менен, элибизге зыян келбей тургандай кылып туруп чечкенге аракет кылышыбыз керек. Биз сотко бергенбиз сатып алуулардын бардыгын. Бирок тилекке каршы, сот аны карабай атат. Дагы бир жаман жери - бийлик бизге каршы митинг уюштурганга аракет кылып атат. Бул мен ойлойм, акча менен уюштурулуп аткан нерсе. Анткени булар идейный эмес, буларды эптеп чогултуп, бизге каршы пикет уюштуруп, биз дагы уюштурдук деген ойду жасагысы келип атат. Эми аны дагы убакыт көрсөтөт, кимдин ким экенин.'

Сүрөттө Равшан Жээнбеков солдо ("Азаттыктын" архивинен)

XS
SM
MD
LG