Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

ЖЕЙМС ШАРП: “БРИТАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРБӨЙТ”


6-июлда Жалалабат облусуна келген Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Жеймс Шарп кабарчыбыздын Шанхай кызматташтык уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттардын аскер базаларын алып чыгуу чечимине жана өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаал менен өзбек бозгундарынын тагдырына байланышкан суроолоруна жооп берди.

- Жеймс мырза, Шанхай кызматташтык уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттардын аскер базаларын чыгарып кетүү чечимине пикириңиз кандай?

- Борбор Азия мамлекеттеринин аймагында, Кыргызстанда же Өзбекстанда турган америкалык бардык аскерлер ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн макулдугу менен жайгаштырылган. Ошондуктан аскерий базаларды чыгарып кетүү, же аларга байланыштуу башка бир чечимди кабыл алуу – бул, биринчи иретте кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн иши. ШКУ кандай чечим кабыл алганы мага беймаалым.

- Оштун тергөө абагында жаткан 29 адамдын 12син кыргыз өкмөтү кылмышкер катары өз мекенине кайтарууну туура көрүп жатат. Ушундай чечим туура болобу?

- Биздин оюбуз боюнча, бул маселени кыргыз өкмөтү эл аралык уюмдар менен, биринчи кезекте Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссариаты менен кароосу керек. Cебеби, CИЗОдогу 29 адам эле эмес, бозгундар лагеринде калган 400дөн ашык кишинин да тагдыры ойлонтот. Аларга качкын макамын берүү же башка бир чечимдер ошол уюм менен бирге эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлүүсү зарыл. УВКБ ООН бозгундарга тиешелүү маалыматтарды билип туруусу керек.

- Президенттик шайлоодон кийин Улуу Британиянын Кыргызстанга көз карашы өзгөрбөйбү? Президенттик шайлоо алдындагы кырдаалга кандай баа бересиз?

- Британиянын Кыргызстанга саясаты өзгөрүүсүз калат. Кыргызстандын жаңы бийлиги эки тараптуу мамилелерди, экономиканы өнүктүрүү, эркин, калыс шайлоолорду өткөрүү, өлкөнү стабилдештирүү жана коррупцияны ооздуктоо приоритеттерин уланта турган болсо, биз да ушул багытта иштеп, Кыргызстандын өз бутуна турган, толук көз каранды эмес мамлекет болуп калыптанышы, өнүгүүсү үчүн жардам өлчөмдөрүн көбөйтөбүз. Эл аралык байкоочулардын пикирине караганда, өлкөдө абал тынч, бирок президент шайланууга тийиш болгон шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы келбей калышы мүмкүн деген божомолдор тынчсыздандырат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG