Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ДОНАЛД РАМСФЕЛД МЕНЕН КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ БАШТАЛДЫ


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында бүгүн - 26-июлда мамлекет башчылары менен жолугушууларды баштады. Ал алгач президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугууда. Анын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы аскерий кызматташтык жана Ганси атындагы аскер базасынын тагдыры талкууга алынмакчы.

5-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген 6 мамлекеттин башчыларынын Астанада өткөн саммитинде кабыл алынган декларацияда Борбор Азиядагы АКШнын аскерий базаларын алып чыгып кетүүнүн мөөнөтүн тактоо маселеси козголгон. Адистердин пикиринде Доналд Рамсфелд дал ушул талылуу ишти жайгаруу максатында атайын алыстан ат арытып Кыргызстанга келип отурат.

Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков "Азаттыкка" 25-июлда берген интервьюсунда АКШ коргоо министринин Кыргызстандагы сапары маалында бир эле Ганси аскер базасынын тагдыры талкууга алынбайт деп белгилесе дагы, дүйнө коомчулугунун, өзгөчө Шанхай кызматтыштык уюмуна кирген Кытай менен Орусиянын көзү, кулагы ушул күндөрдө Бишкекте болуп турганы жашыруун эмес.

Айрым саясатчылар Астана жыйынында Кыргызстанга Шанхай уюмунун башка мүчөлөрү тарабынан кысым болгон болушу ыктымал дешет. Рамсфелд мырза балким ошондон улам Кыргызстандын жаңы бийлигине АКШ менен кызматташуу дагы артыкчылыктуу багыт экенин билдирүү максатында Бишкекке келди дешет саясатчылар.

XS
SM
MD
LG