Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

OSCE: КАЗАКСТАНДЫ КОҢШУЛАРЫ КОЛДОЙТ


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери эмдиги аптанын этегинде Мадридде жыйынга чогулат. Министрлер 2009-жылы уюмга төрагалык кылганга Казакстанга мандат берүү маселесин карашат. Айрым өлкөлөр Астананын талапкерлигин колдошорун айтышса, кээ бирлери дале күдүктөнүп жатышат. Эл аралык укук коргоочу бир катар уюмдар Казакстандын ОБСЕде төрагалык кылышына кескин каршы болушууда. Ал эми Казакстандын региондогу коңшулары бу идеяга кандай карашат?

Казакстанга төрагалык мандат берүү маселеси былтыр чечилиши керек эле. Чоң талаш-тартыштан соң Астанага дагы бир жыл мөөнөт берилген. Эмки жагдай кандай? Дегеле Казакстандын уюмга төрага болгонго мүмкүндүгү барбы?

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Астананын буга мүмкүндүгү бар эле деп эсептейт. Бирок быйылкы парламенттик шайлоодон соң, буга кошумча президент Назарбаевдин мурунку күйөө баласы,өлкөнүн Венадагы экс-элчиси Рахат Алиевге байланыштуу окуялардан кийин Казакстандын уюмга төрага болуу дымагына суу себилгендей болду.

Жекшенкуловдон айрымаланып, Ашхабаддык эксперт Мукамбет Бозаджы кокус Казакстан уюмга төрагалык кылып калса,мунун өзү жалпы Борборазияга көрсөтүлгөн сый-урмат болмок деген ойдо. “КМШ өлкөлөрү жалпысынан бирдей деңгээлде арымдап баратышат,бирок туура саясат жүргүзгөндөн улам Казакстан жан башына алып эсептеген кирише жагынан эң алдыңкы орунга чыкты. Анын үстүнө Казакстан менен Түркмөнстанды көп нерселер, өзгөчө газ жана мунай кендери, аларга байланыштуу долбоорлор жакындатып турат. Эмдиги жылы Казакстанда түркмөн күндөрү,андан кийинки жылы Түркмөнстанда казак күндөрү майрамдалат. Кыскасы, Казакстан ОБСЕге төрагалык кылып калса, түркмөндөр көптөн бери көксөп келаткан адам укуктары,сөз эркиндиги жагынан өлкөдөгү жагдайга шарапатын тийгизет эле”, - дейт Бозаджы.

Казакстандын кандидатурасын Тажикстан да толук колдойт. ”Региондогу өнүгүүнүн келечегине Казакстан өзгөчө таасир көрсөтө алат, саясий көрөңгөсү чоң өлкө, андыктан биз анын 2009-жылы ОБСЕде төрага болушун абдан каалайбыз”,- деп билдирди тажик тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Давлат Назриев.

Ташкендик көз карандысыз эксперттердин бири Камолидин Раббимов бу демилгени Өзбекстан да сыртынан колдоп-кубаттаганга аракет кыларын айтып, бирок мунун жабык өңүтү болушу мүмкүн деп эскертти. “Чындыгында Ташкен ОБСЕге Казакстандын төрага болушун эч качан каалабайт. Мунун бери дегенде эки себеби бар: эгер Казакстан 56 өлкө кирген бу уюмду жетектеп калса, муну Ташкен Өзбекстандын аймактагы кадырын төмөндөткөн иш катары кабыл алат. Анын үстүнө мындай шартта Ташкен Астананын региондогу лидерлик ролун тааныганга аргасыз болот”, - дейт Раббимов.

Ал эми Брюсселдеги, Венадагы дипломатиялык булактар болсо Мадриддеги жыйында уюмдун министрлери бу жолу Казакстандан төрагалык мандатты 2011-жылга чейин күтө турууну суранат шекилди дешет.

XS
SM
MD
LG