Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

АРМЕНИЯДА ПРЕЗИДЕНТ САРКИСЯНДЫН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ ӨТТҮ


Армениянын жаңы президенти Серж Саркисян шаршембиде Ереванда өткөн аземде ант берип, бийлик мөөнөтүнө ырасмий түрдө киришти. Окуянын коопсуздугун көчөлөрдө катар-катар тизилген полициячылар күзөтүп турду. 19-февралдагы шайлоодо Саркисян жеңди деп жарыялангандан кийин көчөгө чыккан демонстранттар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/B3EB048A-0517-4531-9235-EB8BC2CCAC9D.asp менен полиция кагылыша кетип, 8 киши өлгөнүнө 40 күн толду.

8 кишинин өлүмү менен аяктаган кыйчалыш окуялардан кийин президенттик мөөнөтүн баштап жаткан Серж Саркисян ант берүү аземинде айткан убадаларына олуттуу басым жасап жаткансыды:

-Президенттик кызматка киришип жатып, мен Конституцияга ылайык иштөөгө, адам укуктарын жана жарандардын эркиндигин урматтап, Армения Республикасынын келечеги үчүн жана армян элинин бакубат жашоосу үчүн өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык биримдиги менен коопсуздугун кепилдөөгө ант берем.

Армениянын экс-премьер министри, эмки президенти Саркисян бул убада сөздөрүн 40 күн мурда эл менен полиция кагылыша кеткен аянттын жанындагы парламент имаратында атайын сессияда айтты. Кантсе да, жаңы президент көпчүлүктүн көңүлүн салтанаттуу окуядан алагды кылган ал кайгылуу тирешүүгө кайрылбай кое алган жок. “Бүгүнкү азем кайгылуу окуялардан бир айдай өткөн соң орун алууда, анын жарааттары али айыга элек. Бүгүн баарыңыздарды биригип, алдыга умтулууга, Армениянын келечеги, өнүгүүсү үчүн ынтымак-ырашкерлик жолун табууга чакырам”, - деди Саркисян калкка кайрылып.

Анын ант берүү аземи өтүп жаткан чакта президенттик шайлоодо 2-орунга чыккан мурдагы президент Левон Тер-Петросяндын 1000ден ашуун тарапкерлери башкы аянтка чогулуп, 1-март күнү полиция менен кагылышууда каза тапкандардын арбайына арнап гүл чамбарлар коюшту. Бул ирет демонстранттар окуяга дыкат көз салып турган полициячылар менен бир аз кер-мур айтышып, тынч тарашты.

1-март күнү полиция Эркиндик аянтында бир 2 жумадан бери шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип, митинг өткөрүп жаткан оппозициячыл акция катышуучуларын күч менен таратууга аракет кылганда, ал күнкү окуя 7 демонстрант жана 1 полициячынын өлүмү менен аяктаган эле. Калың эл кыжырданып, көчөгө чыгабы деп чочулаган армян бийликтери өлкөдө өзгөчө абал киргизишкен. Бир катар жарандык жана саясий чектөөлөр менен коштолгон өзгөчө абал 20 күнгө созулду.

Саркисяндын президент болуп шайланышы аны бийликке сүрмөлөп алып келген экс-президент Роберт Кочаряндын премьер-министр болуп дайындалышы менен аяктайт деген имиш кептер күчтүү эле. Анткени бул экөө тең теги Тоолуу Карабактан. Бирок ал кептер тастыкталбай, шейшембиде премьерликке Армениянын борбордук банкынын башчысы, 48 жаштагы Тигран Саркисян сунуш этилип, бийликтеги коалиция аны колдоп берди.

Еревандык “Аравот” гезитинин саясий серепчиси Арам Абрамян бул жаңылык армян коомчулугундагы эми баарын карабактыктар ээлейт деген жоромолдорду азайтууга дем болорун айтат:

-Тигран Саркисяндын бул кызматка тандалышында анын Карабактан эмес экени катуу таасир этти окшойт. Бирок президент Саркисян үчүн бул баарынан маанилүү маселе эмес, кептин баары – эми анын саясаты кандай болот, турмушка кандай ашырылат – ошол баарынан маанилүү.

Армениядагы президенттик аземге 58 өлкөнүн делегациялары катышканы кабарланды. Айтмакчы, жаңы президент менен премьерликке көрсөтүлгөн талапкердин фамилиялары гана окшош, тууган-жакындыгы жок деп белгилешет еревандык басылмалар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG