Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ


Өзбекстанда басма сөз эркиндиги боюнча форум басма сөздүн катышуусуз өттү. Жыйын Еврошаркеттин демөөрчүлгү менен уюштурулган эле.

Казак парламентинин жогорку палатасы- Сенаттын курамы кайра эле президент партиясы тандагандар менен толукталган турат. Шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Казакстандын оппозициячыл күчтөрүнүн айланасында жаңы жараяндар жүрүүдө. Коомдук ишмерлердин тобу оппозициянын айрым лидерлери менен активисттерине каршы козголгон кылмыш ишин токтотуу чакырыгы менен чыкты. Бул аралыкта оппозициячыл маанайдагы Жалпы улуттук Социал-демократтар партиясы бийлик менен тымызын кызматташарын ишара кылган шектүү аудиотасма Интернетте жарыяланды.

Америкалык Wall –Mart Stores компаниясы өзбек пахтасынан өндүрүлгөн товарларды алуудан баш тартат. Компаниянын билдиргенине караганда, мындай кадамдын башкы максаты - пахта теримде балдарды мажбурлап иштетүүнү токтотуу.

Тажикстан "Иегованын Күбөлөрү" диний уюмунун ишине тыюу салды. Аскерий сот өлкөнүн Маданият министрлигинин чечимин колдоду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Тектеш

XS
SM
MD
LG