Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Иранда президенттик шайлоодо атаандаштык курч


Махмуд Ахмединежаддын жактоочулары митингде.
Махмуд Ахмединежаддын жактоочулары митингде.

12- июнда Иранда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Иранда буга чейин тогуз жолу президенттик шайлоо болгон. Президенттикке төт талапкер ат салышууда. Талапкерлерге добуш берүүгө Бишкектеги Иран элчилигинин кызматкерлери да катышат.

Бүгүн Иранда башталып жаткан президенттик шайлоо дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турат. Президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган 475 кишинин ичинен татыктуу төрт киши тандалган.

Ошентип Ирандагы башкы так үчүн күрөшкө учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад, мурдагы премьер-министр Мир Хоссейн Мусави, мурдагы парламент төрагасы Мехди Карруби жана Көзөмөлчүлөр кеңешинин экс-башчысы Мохсен Резави жолдомо алышып, багын сынап жатышат.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин жетекчисинин орун басары Асанбек Осмоналиевдин пикиринде, Иранда президенттик шайлоого катышып жаткан эки талапкер – реформачыл багыттын өкүлдөрү болуп саналат. Анын баамында бул эки талапкер – экс-премьер-министр Мир Хоссейн Мусави жана мурдагы парламент төрагасы Мехди Карруби - күчтүү атаандаштар.

Төрт талапкер ичинен баарынан талаштуусу – Көзөмөлчүлөр кеңешинин мурдагы башчысы Мохсен Резаи. Себеби ал 1994-жылы Аргентинадагы жөөттөр борборун бомбалоого тиешеси бар деп Аргентина өкмөтү эл аралык издөө салган ирандык беш жетекчинин бири.

Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машраповдун пикиринде, учурдагы президент Ахмадинежад Иран экономикасын кыйла начарлатып, элди өзүнө тартыш үчүн бийлик укуктарынан ашкере пайдаланды:

-2005-жылкы шайлоодо да Ахмадинежадга каршы туруп, реформачыл топтор менен жаштар арасында колдоо тапкан 72 жаштагы Карруби бул жолку шайлоо олуттуу талапкерлердин бири деп эсептелет. Бирок көпчүлүк 67 жаштагы Мусави – учурдагы президентке башкы атаандаш болуп берет деп ишенип турушат. Эксперттердин баамында Мусави кесиби боюнча архитектор, сүрөтчү экени да чыгармачыл сапаттарды жакшы көргөн Иран коомунун калың катмарын өзүнө тартышы мүмкүн. Иранда жаңы бир өзгөрүүлөр болушуна мен ишенип турам.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин жетекчисинин орун басары Асанбек Осмоналиевдин айтымында, берки 3 атаандашка караганда азыркы президент Ахмадинежад шайлоо өнөктүгүндө экинчи турга чыгып, жеңип чыгуусу толук ыктымал. Бирок Ирандагы шайлоонун жыйынтыктарына карабай Кыргызстан менен Ирандын диломатиялык, экономикалык кызматташуусу улана бермекчи.

-Ахмадинежад кантсе да, татаал шайлоого туш болчудай, бирок ал биринчи тур менен жеңишке жетишпесе дагы экинчи турда утуп чыгышы толук ыктымал. Бирок Ирандагы президенттик шайлоонун кандай гана жыйынтыктарына карабай Кыргызстан менен Ирандын диломатиялык, экономикалык-соода кызматташуусу улана берет деп терең ишенебиз. Бир канча долбоорлор бар, аларды да биргелешип ишке ашырууга аракет кылабыз.

Саясат таануучулардын пикиринде, Иранда күтүлбөгөн окуялар такай болуп турат. Оппозициядагы үч талапкер тең экономика, өкмөттүн иши, саясий эркиндиктер, тышкы саясат өңдөнгөн бардык орчундуу маселелерге басым жасоо менен көпчүлүктүн көңүлүн бурууда.

Мындан тышкары, Ирандын тарыхында биринчи жолу талапкерлер ортосунда сыналгы дебаттары элге түз көрсөтүлдү. Мында өкмөткө каршы мурдатан көмүскө калып келген айыптоолор ачык айтылды.

Мамлекеттик сыналгыда биринчи жолу миллиондогон доллар акчанын ысырап болушу, студент демонстранттардын өлтүрүлүшү, бийлик чөйрөсүндөгү тууганчылык тууралуу сөз болду.

Мындан бир нече ай мурда эле бул маселелерди козгогон гезиттер жабылып, журналисттер камакка алынчу.

Мындай ачык талкуулар Иранда элди кандайдыр бир өзгөрүү мүмкүн экен деген ойго түртүүдө.

Адистердин пикиринде, Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами бийликте турган сегиз жылда өлкөдө экономика оңолуп, коомдогу чектөөлөр азайган, ошондой эле уранды байытуу токтогон.

Бул жолку президенттик шайлоодо өлкөдө улуттук азчылыкка кирген тайпаларга көңүл буруп жатышат.

Иранда жалпы калктын тең жарымына жакыны – элүү пайызы улуттук ар түрдүү тайпалардан турат. Алардын арасында азербайжандар, күрттөр, араптар, түркмөндөр жана башка майда-барат калктар бар.

Себеби президенттикке ат салышкан төрт талапкерден үчөө - ошол азчылыкка кирген улут өкүлдөрү. Реформист Мир Хоссейн Мусави – азербайжан, анын саясий санаалашы Мехди Карруби менен консерваторлордун дагы бир талапкери Мохсен Резаи байыркы эламиттер менен аргындашкан тайпадан – лурылардан болот.

Азербайжандардан айрымаланып, башка тайпалардын, айрыкча күрттөрдүн,түркмөндөрдүн жана араптардын өкүлдөрүн жогорку бийлик тепкичтеринен табуу кыйын.

Иранда бардык мектептерде сабактар фарсы тилинде окутулат. Майда топтор өз эне тилинде билим алгысы келет.

Бирок өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурду, сепаратистчил идеяларды жайылтты же колдоду деген айыптар менен былтыр эле азербайжан, күрт жана башка улуттагы жоон топ активисттер кармалып, узак мөөнөткө түрмөгө кесилишкен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG