Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Жардам чечилди, эми иштеш керек


Бишкекте өткөн эларалык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөр жыйыны
Бишкекте өткөн эларалык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөр жыйыны

27-июлда Бишкекте өткөн эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн жыйынында Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Көмөк акчанын 600 миллиону быйыл, калган 500 миллион доллары кийинки эки жылда кезек-кезеги менен берилип турмакчы. Карыз акчанын канчасы грант, канчасы насыя түрүндө берилери азырынча тактала элек.


Олчойгон карыз, өчөйгөн бюджет

Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгү азайгандын үстүнө азайып, чыгашасы шишип-көөп көбөйүп баратканы элдин баарына дайын. Каржы министр Чоробек Имашовдун ырасташынча, жыл аягына чейин бюджет таңкыстыгы 619 миллион долларга жетери күтүлүүдө. Ош менен Жалал-Абаддагы кыйраган шаар, кыштактарды калыбына келтирүүгө 500 миллион ашуун доллар сарп кылынары эсептелип чыккан. Иши кылып өтөле оор ахывалга капталып турган өлкөгө эл аралык каржы уюмдары менен донор өлкөлөрдүн экономикалык көмөк көрсөтүшү кыйла огожо болду.

Бишкектеги конференция соңундагы маалымат жыйынында президент Р.Отунбаева маалында берилген жардамга ыраазы экенин жашырган жок.

- Бул болсо ошол Кыргызстан тезирээк ушул абалдан чыгып кетсин деген мааниде берилип жатат. Жылдан-жылга созулуп кетсе, ар бирибиз бирибизден өч алып отурсак, анда Кыргшызстан ордунда туруп калып, биздин өлкөбүз кандайдыр бир партизандык согуш болуп аткан өлкөгө айланып кетерин баары көрүп атышат. Башка жерлерде ушундай учурлар болгон.

Кыш түшкөнчө үйүнөн ажырап калгандарга баш калка жай салып, ортодогу тирешти ынтымакка өткөрүш үчүн берилип жаткан каражаттар Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы аркылуу сарпталат. Анын ар бир тыйыны эл аралык байкоочулар кеңешинин көзөмөлүндө болору донорлор жыйынында айтылды. 1 миллиард ашуун доллар акча ансыз да тышкы карызы 2,5 миллиардды бучкактап отурган Кыргызстанды биротоло күнкор мамлекетке айлантып койбойбу суроосу да турат.

Экономикалык өнүгүү министри Эмил Үмөталиев ыкчам көмөк көрсөтүү максатында берилип жаткан акчанын кыйласы грант түрүндө болорун, бирок анын канчасы бекер, канчасы жеңилдетилген шартта берилери дагы такталарын ырастады.

- Аны аягына чейин тактап бүтө элекпиз. Бүгүнкү күндө мындай ниети гана айтылды. А бирок чечими Алматыдан, анан Алматы чечиминин артынан Казакстан менен Орусиянын добушу аябай салмактуу.

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов кезектеги жардам акча ансыз деле арбып бараткан тышкы карызды опсуз чоңойтуп жибере албайт деген пикирде.

- Себеп дегенде биз коммерциялык кредит албайбыз. Эларалык өнүгүү ассоциациясынын шарты менен 40 жылга 8 жыл каникул мезгили менен анан да үстөк пайызы экиден ашпаган шарт менен алып атабыз.

Ч.Имашов жеңилдетилген шарт менен алынган кредит эсебинен өлкөнүн тышкы карызы дагы 8 - 9% көбөйөрүн белгиледи.

Куруп коюш кыйын деле эмес

Талкаланган шаар-кыштактарды калыбына келтирүү жүгү ошентип барып-келип эле бюджетке түшмөкчү. Үй-жайларды тикелөө иштерине баш-көз болчу мамлекеттик дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев өрттөлгөн үй-жайларды тургузуш жумуштары чындай келсе анчалык деле оорчулукка турбасын, жаатташкан тараптарды элдештирүү, мамыр-жумур тынч жашоого көндүрүү кыйын ишке айланарын конференцияда атайын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын стратегия жана операциялар жаатындагы жетекчиси Теодор Алерс Кыргызстандын түштүгүндө ойнолгон трагедиянын жалыны дагы башка жактарга жайылып кетишине жол бербеш үчүн өкмөт, эл аралык уюмдар биргелешип колдон келген аракеттерди жасашы абзел деген пикирде.

- Кыргызстандын түштүгүндө июнда болуп өткөн калаймандын оорчулугун сезип эл аралык уюмдар, донор өлкөлөр ири көлөмдөгү жардамдардын кайсы багыттарга жумшалышы керектегин аныктап алышты. Эларалык өнөктөштөр түштүктө өткөн кайгылуу окуяларды көрүп-билгенден кийин ал жердегилерге жардам көрсөтүшкө даяр.

Кыргызстандын түштүгүндөгү калаймандан жабыр тарткан айрым айылдарда калыбына келтирүү иштери башталууда. Ал эми Ош менен Жалал-Абаддын борбордук көчөлөрүндө заманбап үйлөр, көп кабаттуу имараттар салынмакчы. Бул жаатташкан тараптардын аралаш, мамыр-жумур жашоосуна жол ачат.

XS
SM
MD
LG