Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Илбирс көрсөң, сатпай жүр


Дүйнөлүк кызыл китепке кирген илбирстерди сатуу бизнесинен улам алардын саны Кыргызстанда кескин кыскарып баратканын адистер “Азаттыкка” айтып беришти.

Кыргызстанда бир илбирстин баасы 10 миң доллар, ал эми сыртка чыкканда 40 миң долларга чейин бааланат.

Соңку кабар боюнча, эки илбирстин көзүнө тезинен операция жасатуу керек болууда. Бул сейрек айбандын кескин азайышы дүйнө экологдору менен саясатчыларынын кабатырлануусун жаратып, 2012-жылы Бишкекте эл аралык конференция өткөрүү болжолдонууда. Ага Владимир Путин менен Ангела Меркел да чакырылды.

Майып илбирстердин муңдуу турмушу

Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда майып илбирстер багылууда. Аларды адамдар капкан салып кармап, майып кылып коюшкан.

Бул илбирстер талаа шартында жашай алышпасын Борбордун директору Виктор Кулагин “Азаттыкка” кабарлады.

- Үч илбирс 2003-жылы туулган. Аларды мыйзамсыз кармап, аткезчилик жол менен алып баратканда кармап калышкан болчу. Буларды адамдар майып кылып коюшкан, талаа шартында жашай алышпайт.

Бирөө эркек, аты Кунак. Ал эми экөө ургаачы, алардын аттары: Багира жана Алсу. Бул экөө 2009-жылы экиден тукум берди. Бул кичинекей илбирстер азыр чоңоюп калышты. Бирок алардын экөөсүнүн көзү тубаса майып, көрүүсү начар.


Кулагиндин айтымында, азыр эки илбирстин көзүнө чукулунан операция жасоо зарыл. Кыргызстанда айбанаттардын көзүнө операция жасоо тажрыйбасы буга чейин болгон эмес. Ошентсе да профессор Алмазбек Исманкуловдун Көз микрохирургия госпиталы жасап көрүүгө макул болгонун айтышууда.

Кыргызстан - илбирстин мекени

Адистердин эсеби боюнча, дүйнөдө Кыргызстан илбирстердин саны салыштырмалуу көп өлкө катары саналат. Азыр бул өлкөдө 350нүн тегерегинде илбирс бар. Ал эми Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунун директору Кулагин Кыргызстан аймагында беш жүздөн миңге чейинки илбирс болушу ыктымал деп божомолдойт. Көл кылаасындагы Айбанаттарды калыбына келтирүү боюнча бул борбор германиялык Табиятты коргоо союзу (NABU) тарабынан каржыланат.

Аталган союз 1994-жылдан тарта Кыргызстанда долбоорлор боюнча гана иштеп келсе, жыл башынан бери толук кандуу өз өкүлчүлүгүн ачты.

Жаратылышты коргоодогу бир кылымдан ашык тажрыйбасы бар бул уюм Кыргызстандагы илбирстерди сактоо камын көрүүдө.

Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Толкунбек Асыкулов Кыргызстанда илбирстердин абалы өтө эле аянычтуу деп коңгуроо кагууда.

- Илбирстердин акыбалы азыркы учурда аябай кейиштүү. Буга илбирстерге мыйзамсыз кармоо себеп болууда. Терисин жана сөөгүн сатуу иштери бизнеске айланып кеткен.

Кыргызстанда илбирстин тукум курт болуп баратканын Токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин башкы адиси Кылыч Жүндүбаев да белгиледи.

- Окумуштуулардын изилдөөсүндө 80-жылдардын башында Кыргызстанда бир жарым миңдей илбирс болгон. Акыркы 10-12 жылда мунун саны беш-он эсеге чейин кыскарып кетти. Илбирстин териси аябай баалуу болгондуктан мыйзамсыз кармап сатууга, аткезчиликке булар көп учурады.

Ошону менен катар Жүндүбаев өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын аракети менен жагдай акыркы жылдары көз көрүнөө жакшырганын белгиледи.

Илбирстин дүйнөлүк наркы кымбат экени белгилүү. Асыкулов илбирстин Кыргызстандагы жана дүйнөлүк көмүскө базардагы баасына сереп салды.

- Чет өлкөдөгү баасы кырк миң доллар деп айтып жүрүшкөн. Ал эми Кыргызстандагы баасы он миңдин тегерегинде болушу мүмкүн.

Кыргызстанда илбирстерди мыйзамсыз кармап, саткандарга каршы күрөшкөн куралдуу “Барс” тобу бар. Бул топ ошол эле германиялык уюм менен Кыргызстандын Токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин ортосунда түзүлгөн. “Барс” тобунун башчысы Жолдошбек Акунов:

- Илбирсти мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди кармоо учуру болгон. Муну жалпы кыргызстандыктар да билет болуш керек. Циркке оюн койгону келген адамдарга илбирстин эки баласын сатууга аракет кылган адамдар милиция кызматкерлери жана биздин топ тарабынан кармалган.

Кыргызстандын мыйзамы боюнча илбирсти кармаган адамга 200 миң сом айып пул салынат, же түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Илбирсти сактоо - дүйнөлүк көйгөй

Табиятты коргоо союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кыргыз өкмөтү менен биргеликте 2012-жылы Бишкекте илбирстерди сактоого арналган эл аралык конференция өткөрүүгө белсенүүдө. Ага Орусиянын премьер-министри Владимир Путин жана Германиянын канцлери Ангела Меркел да чакырылууда. Конференция өтө турганын Толкунбек Асыкулов “Азаттыкка” айтты.

- Конференциянын зарылчылыгы - азыркы учурда илбирстердин саны азайып баратканы болууда. Бул биздин Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө, Кытайда, Монголияда, Өзбекстанда, Тажикстанда да көйгөй болууда. Ошондуктан муну дүйнөлүк масштабда көтөрөлү деп жатабыз.

Илбирстин мекени катары негизинен Борбор Азиянын бийик тоолору, Кытай, Орусиянын аймактары эсептелет. Илбирс дүйнөдө жоголуп бараткан жаныбар катары өткөн кылымда дүйнөлүк Табиятты коргоо уюмунун Кызыл китебине киргизилип, кармоого жана атууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG