Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Көлбаев сотторду куурчак кылганчалык кубаттуубу?


Камчы Көлбаев
Камчы Көлбаев

Атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев криминалдык лидер Камчы Көлбаевдин пайдасына чечилген сот ишин Жогорку Сотто териштирет.

Чүй облустук соту издөөдө жүргөн криминалдык лидер Камчы Көлбаевге байланыштуу Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Буга чейин күч органдары ага издөө салып, Аламүдүн райондук соту качып жүргөн Көлбаевди кармап-камоо чечимин чыгарган. Атайын прокурор Чүй облустук сотунун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылды.

Жогорку Сот бүгүн атайын маалымат таратып, чынында эле 24-июнь күнү Чүй облустук соту Көлбаевдин адвокатынын арызын караганын жана Аламүдүн райондук сотунун 13-майдагы чечимин жокко чыгарганын билдирди.

Жогорку Соттун түшүндүрмөсүнө караганда, Чүй облустук сотунун мындай чечими – Көлбаев акталды дегендикке жатпайт. Анткени сот Көлбаевди актоо ишин карабай эле, анын мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганы боюнча ишти караган.

Бирок мындай түшүндүрмө кайра эле бир топ карама-каршылыктарды жаратууда. Анткени Аламүдүн райондук соту 2008-жылдын 10-майында абакта жазасын өтөп аткан Көлбаевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон чечим чыгарган.

Мындай аныктама боюнча бошотулгандар тиешелүү органдарга катталып турууга милдеттүү. Бирок күч органдары Көлбаев ошол боюнча жоголгонун айтышып, ага издөө салышкан. Ага ылайык, Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратурасы “Көлбаев 2 жыл 11 ай 27 күндүк мөөнөтүн өтөгөн жок” деген жүйө менен сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту болсо 2008-жылы чыгарган чечимин кайра жокко чыгарып, “айыпталуучу калган мөөнөтүн түрмөдө толук өтөсүн” деген чечим чыгарган.

Чүй облустук соту дал ушул чечимди жокко чыгарып отурат. Ошол эле маалда Жогорку Сот “Көлбаев акталды” деген маалымат чындыкка дал келбесин, анткени ал 2002-жылы адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштары үчүн 19 жылга эркинен ажыратылганын, ал чечим күчүндө экенин билдирүүдө.

Бирок ошондогу кылмыш иштери үчүн абакка отурган Көлбаев 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуп, жогорудагыдай окуя болду.

Ошентип “Аламүдүн райондук сотунун “Көлбаев камалсын” деген чечиминин жокко чыгарылышы, аны актагандык эмес” деген түшүндүрмө тактоону талап кылууда. Себеби Көлбаевге дал ошол 2 жылдан ашык мөөнөтүн өтөбөй жүргөнү үчүн издөө салынган.

Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев “Азаттыкка” билдиргендей, алар кечээ эле Жогорку Сотко Чүй облустук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты:

- Чүй облустук соту Көлбаевдин адвокатынын арызын карап туруп Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарып атат. Эми биз кечээ Чүй облустук сотунун чечимин алып туруп, Жогорку Сотко бердик. Бул жакта белгилеп койчу дагы бир нерсе бар. Чүй облустук соту бизге ал адвокаттын арызын жиберген эмес. Соттун мөөнөтү боюнча билдирүү да берген эмес. Ошол боюнча биз кечээ Чүй облустук сотунун мыйзамды бузган себебин белгилеп туруп, Жогорку Сотко жаздык.

Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиев “Азаттыкка” билдиргендей, шарттуу түрдө бош жүргөн К.Көлбаев каттоого келбей койгондуктан издөөдө жүргөнү чын. Анын айтымында, Көлбаевди былтыр Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы кармап, 2-3 сааттан кийин коё берген.

Эми Көлбаев маселеси Жогорку Сот кандай чечим чыгарат, ошого жараша бир жаңсыл болчудай.

Айтмакчы, ушул эле айдын башында АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген маң зат королдорунун тизмесине Камчыбек Көлбаевди да киргизген. АКШ мыйзамдарына ылайык, эгер Америкадагы банктарда бул тизмедеги жарандардын эсептери пайда болсо, алар дароо тоңдурулат. АКШ жарандарына жана компанияларына бул тизмедеги адамдар менен кызматташууга, алыш-бериш жасоого тыюу салынат.

Эски совет чөлкөмүндө Көлбаев бул кара тизмеге кирген алгачкы адам. Кыргызстанда болсо ал “кримчөйрөнүн ана башы”, “мыйзамдагы ууру” катары таанымал. Ысык-Көл облусунан чыккан Көлбаев 37 жашта.

XS
SM
MD
LG