Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Аскар Акаев: Өткөндү унутуп, алдыга умтулалы


31-августту утурлай “Азаттык” үналгысы "Кыргызстан толук көз карандысызбы?", "1991-жыл 31-августту эстейсизби?", "Эгемендик сизге эмне берди?" жана башка суроолорду Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге узатты.

Мурдагы президент Аскар Акаев “Азаттыкка” Москва мамлекеттик университетинде жумушта отурган жеринен маек куруп, 20 жыл мурунку окуяларды эстеп, келе жаткан президенттик шайлоого чоң үмүт артаарын билдирди.

Маектин биринчи бөлүгү:



Маектин экинчи бөлүгү:



Маектин үчүнчү бөлүгү:



- Аскар Акаевич, саламатсызбы. Москвада азыр саат эртең мененки 9 болду. Биздин угармандарга кызык болсо керек, азыр кайсы жерде отурасыз?

- Саламатсызбы, карындашым. Москва мамлекеттик университетинде жумушта отурам. Университеттин профессору болуп иштейм. Жумушум 9да башталып, 6да бүтөт (күлүп).

- 31-август жакындап келе жатат. 20 жыл мурун ушул күндөрү кандай окуялар орун алды эле? Эсиңизге эмне келет?

- 31-августта болгон окуяларды ар дайым өзгөчө толкундануу менен эстейм. Бул күн кыргыз калкынын жаңы доорунда өзгөчө бир тарыхый күн болду. Себеби ал күнү мен – кыргыз элинин президенти, Жогорку Кеңеш болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны кабыл алдык.

Элестен кетпей келе жаткан эгемендүүлүктүн пайдубалынын курулушуна зор үмүт пайда болгон күн. Мен сунуш киргизип, Жогорку Кеңеш бир добуштан Декларацияны кабыл алган эле.
Ала-Тоону көргүм келет, ата-бабаларыбызга куран окуткум келет, элим менен учурашкым келет.

Башка республикаларга салыштырганда, кыргызстандыктар өз эгемендүүлүгү үчүн күрөштү. Себеби 19-августта Москвада путч болуп, ага каршы биринчи Ельцин чыкты, экинчи болуп биз чыктык.

19-августта мен элге кайрылып, өкмөт үйүнө канчалаган телеграммалар келип, телефондор жаңырып турган... Кыргыз калкы муну менен сыймыктанса болот. Ошол эгемендүүлүктүн келишине өз үлүшүн кошкон. Башка республикаларда эч кимиси каршы чыккан эмес, эмне болот экен деп күтүп отурушкан.

- Кыргызстандыктар эркиндикти көбүрөөк жакшы көрөт деген пикирди колдойт турбайсызбы?

- Сөзсүз. 26-августта путч жеңилип, президент Москвага келгенде, Жогорку Кеңештин сессиясында Орусиянын президенти биринчи, мен экинчи чыгып сөз сүйлөгөм. Көз карандысыздык Декларациясы Борбор Азияда биринчилерден болуп кабыл алынды. Калган өлкөлөр ноябрь, декабрга чейин создуктурушкан.

“Демократиялык аралчадан” - “криминалдык аралчага”

- Анда кыргызстандыктар эркиндикти көбүрөөк сүйгөндүктөн 2005-жылы аянтка чыкты деген пикирге кандай көз караштасыз?


- Мен муну айтып эле келе жатам. Эч кандай революция болгон жок. Саясий авантюристтер криминалдык лидерлер менен чогулуп алып төңкөрүш жасашты. Бул кийин белгилүү болбодубу. Жакында эле Европада болдум, Кыргызстанды “криминалдардын аралчасы” дешти.
Отунбаева асмандан түшүптүрбү? Азыр Бакиевдин бийлиги уланууда.

- 2005 менен 2010-жылдагы окуялардын айырмасы кандай?

- Айырмасы зор. 2010-жылы социалдык бунт болду. Бирок, карындашым, мен айткым келет, мен Бакиев менен бүгүнкү бийликти ажыратпайм. Акыркы алты жылда биздин республиканы 10-15 жыл артка сүрүп салышты.

- Ушул кырдаалдын түзүлүшүнө сизди күнөөлөшөт. Сиз болсо, “төңкөрүшчүлөр болбогондо” деп жооп кайтарасыз. Эгерде сиз каталарыңызды адегенде мойнуңузга алсаңыз, балким, кандайдыр бир диалог башталаар беле? Саясий оюндардан саясатчылар өздөрү да чарчап турган кездей сезилет.

- Саясатчылар бийлик, мансап дегенде эч качан чарчашпайт. Алар үчүн кооптонбой эле коюңуз.

Өткөн-кеткен боюнча суроо мен үчүн өтө маанилүү. Совет доорун алалы. Совет эли Улуу Жеңишке жетишти, космоско биринчи чыкты, атом энергиясын биринчи пайдаланды. Ушуга салым кошкон Сталин көз жумган соң Хрущев келип, эң бирин жумушун көө сыйпагандан баштады. Хрущевдун мезгилинде өнүгүү токтоду.

Андан соң Брежнев келип, ал да Хрущевду жамандады. Мен айтайын дегеним, бул башчылар совет элинин энергиясын өткөнгө буруп салышты. Бүт энергия кемчиликтерди талкуулаганга кетти.

Мен мусулманмын, бирок буддисттердин жакшы сөзү бар: адамга көз алдыга берилген, артка берилген эмес да...
Элибиз эмгекчил, чыдамкай, баарын жеңет. Бизге азыр бир гана ынтымак, биримдик керек.

Менин кыргызга айтаарым: алдыга жылыш керек! Бул куру сөз эмес, мен президент болуп турганда өткөнгө бир таш ыргыттымбы? Өткөндүн сабактарын алыш керек, ал жерде ачуу сабактар да болгон, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Макул, 6 жыл мурун мени күнөөлөшсүн, бирок, карындашым, 6 жыл өтпөдүбү, эми бийлик да өз жоопкерчилигин сезиши керек да.

- Сиз эмнеге таянып, өлкө артка кетти деп жатасыз?

- Эл аралык валюта фондунун эле акыркы сандарын алалы. 10 жыл мурун кыргызстандыктардын турмушу кошуна элдердин турмушунан кем эмес эле. Казактар 2000-жылы мунайга байланыштуу озуп кетишти. Тажикстанга караганда ар бир жеке адамдын кирешеси 2-3 эсе өйдө эле, азыр тажиктин жеке кирешеси кыргызга караганда 2 эсеге өсүптүр. Жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстандан артта калдык.

Бюджеттик таңкыстык 580 миллион доллар болуптур. Бул 25-30 миллиард сом. Бул ички дүң продукциянын 12 пайызын түзөт. АКШда таңкыстык 11 пайызга жетип, дефолтко бир кадам калды эле.

1996-жылдан 2005-жылга чейин таңкыстык бизде эч канча 2 пайыздан ашкан эмес. Кыргызстандын шартында дефицит 150 миллион доллардан ашпаш керек эле. Азыр жайында, күзүндө билинбейт, бирок кышында Кыргызстан Грециядагыдай эле дефолттун алдында турат. Грецияга бүт Европа жардам берди. Кыргызстанга азыркы бийлик менен коңшу мамлекеттер ошондой жардам береби, дүйнөлүк коомчулук жардам бере алабы? Мен майрамдын алдында коркуткум келбейт, бирок чындык ушундай.

Мамлекет бийликти циркке айлантып, экономиканы ойлогон эч ким жок. Эл өзүн багып атат, 1 миллион кыргыз Орусияда жүрөт. Ошентсе да элибиз байыркы эл, мындан да оор күндөрдү башынан өткөрүп, жеңип чыккан, мен элиме ишенем. Терең ишенем.

Жетинин бири кыдыр

- Алдыдагы президенттик шайлоого үмүт артасызбы?

- Сөзсүз татыктуу адам табылыш керек. Акылман калкыбыз өткөн сабактарды эске алып, анан тандайт деп үмүттөнөм. Жеке кызыкчылыгынан мамлекеттик кызыкчылыкты, элдин кызыкчылыгын өйдө койгон адам табылат деп үмүттөнөм. Бирок революциялык бийлик Кыргызстанга эч жакшылып алып келбешине көзүм жетип калды. Жаңы жүз, жаңы адам керек.
Саясий авантюристтер криминалдык лидерлер менен чогулуп алып төңкөрүш жасашты. Бул кийин белгилүү болбодубу. Жакында эле Европада болдум, Кыргызстанды “криминалдардын аралчасы” дешти.

2012-жыл, келе жаткан кыш – Кыргызстан үчүн чоң сыноо. Эч кимде Аладдиндин чырагы жок. “Эки тизгин бир чылбыр берсеңер эле кыйратам” дегендердин да сыйкырдуу таякчасы жок. Комплекстүү 5-10 жылдык жаңы программа иштеп чыгыш керек. Ошондой программа бар эле, ал эл аралык донорлордун акчасы менен ишке ашмак. Азыр Кыргызстандын аброю дүйнөдө кескин түшүп, эми жардам келеби?

- Азыркы президент Роза Отунбаева абройду көтөргөнгө аракет кылбадыбы? Америкага, Европага болгон сапарлары ийгиликтүү өтүп жатат.

- Бакиевди Отунбаева алып келген. Анын оң колу болуп жүрүп, бийлик жетпей калганда кайра оппозицияга өттү. Отунбаева асмандан түшүптүрбү? Азыр Бакиевдин бийлиги уланууда.

Ал эми Америка боюнча мындай, бул сизге да жакпайт. Илгери данай деген эл болгон, барган жеринде белектерди берип, бирок арты жамандык менен бүткөн.

Кредиттер из калтырышы керек

- Кредит алуу сиз президент болуп турган кезде башталган, азыр да уланууда. Сиз алган кредиттерге эмне жасалды?

- Мамлекет кыйын учурда турганда кредит алыш керек. Бардык эле мамлекеттер ошондой. Мен беш эле мисалды айтайын.

Бишкек – Ош жолу – 400 миллион доллар, эки аэропорт реконструкцияланды, эң жакшы навигация азыр Ошто турат – 150 миллион доллар кетти, телекоммуникация – 100 миллион доллар, миң километр ЛЭП курдук, 100 миллион долларга 11 турбина коюлган. Менден кийинкилер кредиттерди кайда кетиргенин мен айтпай эле койсом.

Бир гана алтын бар

- Кумтөр боюнча сизге көп дооматтар бар, эмнеге ошондой чечим кабыл алынган?
Жеке кызыкчылыгынан мамлекеттик кызыкчылыкты, элдин кызыкчылыгын өйдө койгон адам табылат деп үмүттөнөм.

- Кыргызстанда мунай, газ жок. Бизде бир гана алтын бар. Алтынды казыш керек болчу. 2005-жылга чейин алтындын баасы 400 доллардан ашкан жок. Кумтөрдөн алтынды алуунун өздүк наркы 330 доллар. Чет мамлекеттерге барып, бизден алтын казгыла десем күлүшчү. Кадырлуу адамдарды салып атып, араң алып келип иштеткем.

Эми алтындын баасы асманга чыкты. 1800 доллар болду. Бүгүн эми алтын казгыла десеңиз, "тишим менен казам" деп чуркап келишет. Орусияда мунайдын баасы жогорулаган сайын, ызы-чуу салбай эле, келишимдерди кайра өзгөртүш керек.

Бажы биримдиги, Дүйнөлүк соода уюму

- Кыргызстан Бажы биримдигине киргени калды, кандай кеңеш бере аласыз?

- Мен Орусияда туруп алып, киргиле же кирбегиле деп айта албайм. Бийлик өзү талдап, туура чечим кабыл алышы зарыл. Мен Дүйнөлүк соода уюму боюнча айта алам. 98-жылы Кытайдан биринчи киргендиктен, Кытайдан чоң преференцияларды алганбыз. Ошонун арты менен Кытайдын товарлары бүт Кыргызстан аркылуу өтүп, башка өлкөлөргө, Сибирге чейин жетти. Дүйнөлүк соода уюмуна киргендиктен, миллион кыргыз пайда көрдү: “Дордой”, Кара-Суу базарлары, кийим тигүү тармагы өнүктү. Эми бизнестер Москвага көчүрүлүп жатат.

Түндүктү аялдар көтөрүп эле жүрүшкөн

- Ушул 31-августту биз Эркиндик эстелигисиз тособуз. Анын алынышын кандай кабыл алдыңыз?

- Манас атабыздын эстеликтеринин көбөйүшүн мен деле каалайм. Илгери БУУнун имаратына Манастын эстелигин алып барып койдургам. Туу болобу, эстелик болобу, мындай суроолорду көпчүлүк добуш берип чечүү керек. Пикирлер көп болот, бирок көпчүлүк эмне десе, ошол аткарылат.
Саясатчылар бийлик, мансап дегенде эч качан чарчашпайт. Алар үчүн кооптонбой эле коюңуз.

Түндүктү аял көтөрбөйт деген сөз айтылып жүргөн, эми муну мыйзам катары карабаш керек. Бала чагымда жылкычы агама жардамдашчумун. Эркектер кымыз ичип, жамбаштап жатканда аялдар эле көтөрүп алышчу (күлүп).

Кыргызстандын аялдары эркин болгонун, мамлекеттик деңгээлде ар дайым чоң рол ойногонун унутпашыбыз керек: Каныкей энебиз, Курманжан Датка жана башка мисалдар.

Ала-Тоо көздөн учуп...

- Метрого түшөсүзбү?

- Албетте. Орусияда мага окшогон миңдеген профессорлор коомдук транспортту колдонушат.

- Жарандыгыңыз кайсы өлкөнүкү?

- Мен жана үй-бүлөм Кыргызстандын жараныбыз, эч качан башка жарандык албайбыз.

- Кыргызстанга келем деген үмүтүңүз ишке ашат деп ойлойсузбу?

- Кыргызстанга барайын дегенде эки көзүм төрт. Бирок азыркы бийлик киргизбейт. Чыңгыз Айтматов өлгөндө канча аракеттендим, аэропорттон жыла албайсыз дешкен. Ала-Тоону көргүм келет, ата-бабаларыбызга куран окуткум келет, элим менен учурашкым келет. Шайлоону күтөлү.
Азыр жайында, күзүндө билинбейт, бирок кышында Кыргызстан Грециядагыдай эле дефолттун алдында турат.

- Москвада кыргыз мигранттарын жолуктурасызбы?

- Көп көрөм. Бир чети жакшы, үй-бүлөлөрүн багып атышат. Бирок жаштар көчө шыпырышат, пол жуушат, аябай кейип кетем. Билим алып, жакшы жумуштарда иштеши керек эле.

- "Азаттык" үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө Курманбек Бакиев же Роза Отунбаева менен чыгат белеңиз?

- Жок. Мен эми саясатчы эмесмин, окумуштуумун. Бул жаатта кайра формага келип, иштеп жатам.

- Рахмат сизге. Келе жаткан майрам менен сизди да куттуктайбыз.

- Мен да учурдан пайдаланып, кыргыз элин куттуктагым келет. Элибиз эмгекчил, чыдамкай, баарын жеңет. Бизге азыр бир гана ынтымак, биримдик керек.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG