Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Өткөн жылкы 7-апрель окуясы 2005-жылдын 24-марттындагы элдик ыңкылаптын уландысы экенин президент Роза Отунбаева айтып чыкты.

Бул тууралуу 23-мартта Бишкектеги илимий-практикалык жыйында билдирген мамлекет башчысы Роза Отунбаева аталган эки дата тең татыктуу белгилениши керек экендигин сунуштады.

Ыңкылаптын ийгилигин тарттырып жиберип...


Өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева 2005-жылдын 24-мартында ошол учурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүүгө мажбурлаган окуянын себептери авторитардык бийликтен элдин тажагандыгы менен байланыштуу экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө 24-марттагы элдик ынкылаптын жетишкендиктери кийинки шайланган президент Курманбек Бакиев бийлиги тарабынан уурдалып кеткендигин айтты. Ошол эле учурда ал 24-мартты элдик биринчи ынкылап катары тарых барагынан өчүрүп коюуга мүмкүн эмес экендигине токтолду:

- Ошондогу жоогазын ынкылабы элде өтө чоң үмүттү, ошол эле учурда бир канча убакыттан соң, көңүл калууну жараткандыгы баарыбызга маалым. А. Акаев менен К. Бакиев алар үчүн өзгөрүү керек экендигин аягына чейин түшүнүшкөн жок. Ал экөө тең эл ишенип тапшырган бийликти менчиктеп алышып, чыныгы диктаторго айланышкан. Биз 2005-жылы эркиндик үчүн, эл бийлиги үчүн күрөшкөнбүз. Ал күрөш ошондо болбосо 2010-жылдагы ынкылап болмок эмес.

Биримдик күнүн сунуштоо

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков дагы 24-мартта бийликке кыжырданган эл массасы көчөгө чыгып, ошол учурдагы президент Аскар Акаевди жана анын үй-бүлөсүн өлкөдөн кубалап чыккандыгын айтты. Ал мунун өзү аталган окуянын бийликти мыйзамсыз басып алган төңкөрүш эмес чыныгы элдик ынкылап экендигин тастыктап тураарын белгиледи.

Мына ошондуктан Ахматбек Келдибеков ал күндү эл биригип өзүнө жакпай калган бийликти алып жыккан күн катары элдик биримдик майрамы катары белгилөөнү сунуштады:

- Биз бул жерде 24-мартты Курманбек Бакиевдин булганган бийлиги менен аралаштырбашыбыз керек. Анда ыңкылап койгон максаттар аягына чейин чыкпай калды. Анын кесепетинен 2010-жылдын 7-апрелинде эл кайрадан көтөрүлүп, кан төгүлдү. Чындыгында 24-мартта жалпы журт алгач башын бириктирип, өкүмзор бийликти алып жыккан күн. Мына ошондуктан мен бул күндү элдик биримдиктин күнү катары белгилөөнү сунуштайм.

Экөөндө тең эл эзүүгө каршы чыкканбы?

Мындан кийин чыгып сүйлөгөн Акыйкатчы Турсунбек Акун Акаев режимине каршы элдик толкундоолор Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишинен улам келип чыккан Аксы окуясынан баштала тургандыгын мисал келтирди. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда саясий каршылаштарды камакка алуулар башталып, сөз эркиндигин ооздуктоо, шайлоолорду бурмалоолор, катары менен үч мөөнөт бийликте олтуруп алуу өнөкөтү жана үй-бүлөлүк кландын бардык тармактарга көзөмөл жүргүзүп калгандыгы ыңкылаптык кырдаалды пайда кылгандыгы айтылды.

Турсунбек Акун бийлик өзүнүн алты жаранын окко учурган Аксы окуясы элдин чыдамын эртелетип жибергендигин кошумчалады:

- Биринчи жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында бийликтин огунан алты адам окко учту. Бул окуя 17-мартта 2002-жылы болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап мына ошол күндөн башталган. Мына ошондо Акаев бийлигинин ээрден көчүгү кыйшайып, элдин толук ишениминен кеткен. Мына ошондуктан ошонун баарын эмне үчүн элдик ыңкылап деп айтууга болбосун.

Сабак алуунун сабаты канчалык?

Ошол эле учурда жыйналышта парламенттеги оппозициялык маанайдагы фракциялардан депутаттар чыгып сүйлөшүп, үчүнчү ыңкылап болуп кетпеши үчүн бийлик эмнелерге катуу көңүл бурушу керек экендигин эскертишти.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров элдик ыңкылаптын максаты калктын жашоо деңгээлинин жогорулашынан көз каранды экендигине токтолду:

- Мына бүгүн деле экинчи ыңкылаптын максаттары толук аткарылдыбы же дагы бир үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүнбү деген суроо турат. Албетте үчүнчү ыңкылапты эч ким каалабайт. Бирок залкар экономист Адам Смиттин тагдырдын көрүнбөс колу деген термини бар эле. Ошондуктан саясаттын жана экономиканын өзүнүн табигый мыйзамдары бар. Ага эч ким каршы тура албайт. Болгону ошол мыйзамдарга ылайык иш алып баруу гана керек. Эки президентти кубалап жибердик. Бирок аны менен маселе чечилип калган жок. Ошондуктан системаны өзгөртүү керек.

Мындан сырткары илимий-практикалык конференцияда илимпоз-адистер чыгып сүйлөшүп, Кыргызстанда акыркы он жыл аралыгында болуп өткөн окуяларга бир канча убакыт өткөндөн кийин гана баа бериле тургандыгын эскертишти. Андыктан 24-март жана 7-апрель окуяларын кылдат иликтеп, алардын келип чыккан себептерин жана табиятын терең изилдөө зарылдыгын айтып чыгышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG