Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

24-март окуясынын тарыхый орду: ойлор, пикирлер


Бишкек, 24-март 2005-жыл
Бишкек, 24-март 2005-жыл

2005-жылы жазында Кыргызстанда бийлик алмашууга чейин жеткен окуялардын тарыхый орду кандай? Бул революциябы же төнкөрүшпү? “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында түз ободо өткөн талкууда президент К. Бакиевдин беш жыл мурдакы март окуялары жөнүндө жазган “Март революциясы: Элдин тарыхый тандоосу” деген жаңы китебинде айтылган ойлору талкууланды.

Талкууга катышкандар:



Төлөбек Абдракманов,

тарых илимдеринин

кандидаты






Арслан Койчиев,

тарых илимдеринин

кандидаты






Бакыт Орунбеков,

журналист







«Азаттык»: - Президент К. Бакиевдин жаңы чыккан китебинде 2005-жылдагы март окуясына чыныгы элдик революция катары баа берилген. Тагырак айтканда, революциянын универсалдуу теориясы жок экени белгиленип, бирок Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларда классикалык революциянын бардык белгилери болгону айтылат. Март окуяларына мүнөзү, этаптары жана башка белгилери боюнча саясий революция деген аныктама туура келери белгиленет. Март окуяларына карата ар түрдүү көз караштар айтылып, азыркыга чейин талаш-тартыштар жүрүп келатат. Ошондуктан 2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда бийлик алмашууга алып келген окуялар революциябы же төңкөрүшпү, же башка да аныктамасы барбы, талкуубузду ушул суроодон баштасак. Сөздү Төлөбек Абдракманович Сизден баштаңыз.

Төлөбек Абдракманов: - Биринчиден, 2005-жылкы болгон март окуяларын талашсыз революция деп эсептесек болот. Ошол эле убакта президенттин китебин барактап отуруп, эки нерсесине кошулсак-кошулбасак да болот. Биринчиден, 2005-жылы мартта болуп өткөн баркыт революция классикалык революцияларга кирбейт. Классикалык революциялар бул 17-кылымдын жарымынан баштап 19-кылымдын экинчи жарымына чейин болуп өткөн. Ал эми баркыт революциялары 20-кылымдын аягы 21-кылымдын башына тиешелүү. Булар коомду демократиялаштыруу багытындагы өзгөчө бир революциялар болуп саналат.

Экинчиден, Март революциясына кайрылып отуруп биздин өлкөнүн президенти, менин оюмча, дагы бир маселени башкача көз карашта карап кеткен. Бул жерде классикалык революциянын бардык себептери, жөрөлгөлөрү жана алардын бардыгы болгон деп айтылат. Менин оюмча бул жерде классикалык революциянын себептери, факторлору дагы болгон эмес. Ал факторлор, маселен ала турган болсок, бул таптардын болушу жана тап күрөшү, граждандык согуш жана таптардын ортосундагы кырылыштарга алып келген согуштар, анан кийин бир партиянын гегемондуулугу жана партиянын диктатурасы ж.б.

Ал эми Март революциясына кайрыла турган болсок, мунун бири да болгон жок. Бул жерде коомду демократиялаштыруу багытында гана баркыт мүнөздөгү революция болду. Бирок революция экенин танууга болбойт.

«Азаттык»: - Эми ушул эле суроого Арслан мырзанын ой пикирин уксак.

Арслан Койчиев: - Бул жерде буу маселенин өзүнүн талкууланышы жана ошол суроого урматтуу президент Курманбек Бакиевдин өзүнүн жооп берүүгө аракет кылышынын өзү бул суроого так жооп берүүгө мүмкүн эместигин көрсөтөт. Себеби Кыргызстанда революция болдубу же болгон жокпу деген суроонун өзү жалаң Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдө, Кыргызстанга байкоо салган саясат таануучулардын ортосунда да кызуу талкууну жаратууда.

Мен билгенден буга чейин бир дагы батыш изилдөөчүсү Кыргызстандагы окуяларды, Курманбек Бакиев айткандай, классикалык түшүнүктөгү революция деп аташкан жок. Себеби ал өзүнүн максатына жеттиби деген өңүттөн дагы карашыбыз керек. Менин кесиптешим Төлөбек Абдрахманов айткандай, 20 жана 21-кылымдагы баркыт революциялары бул коомду демократиялаштырууга багытталган коомдук-саясий феномен. Ушул өңүттөн алганда, ал максатына жетип атабы, же болбосо максатына жетүүгө коом, ошол революцияны баштаган кишилер умтулуп атабы деген суроо бар. Эгер ошол суроого так "ооба" деп жооп берилсе, анда биз муну революция деп атаганга негиз болмок.

«Азаттык»: - Март окуялары Оштогу, Жалал-Абаттагы каршылык акцияларынан башталган. Ошол каршылык акцияларына өзү кошо аралашып жүргөн Бакыт Орунбеков ушул суроого кандай деп жооп берет?

Бакыт Орунбеков: - Бул жерде эки чоң тарыхчы отурат. Алар классикалык революциянын үлгүлөрү же болбосо жөрөлгөлөрү деп атпайбы. Биз дайыма бардык нерсеге кайрылганда Батыштын үлгүлөрүнө кайрылабыз. Демократия да Батыштан келген. Демек биздеги демократия Батышка окшобосо, анда демократия жок деп эсептейбиз.

Кыргыздын өзүнүн демократиясы, өзүнчө революциясы болуш керек. Эми революцияга окшошкон айрым нерселери бар деп айта алам. Анткени коомду көп тараптуу, кеңири демократиялык негизде өзгөртүүнү, адам укугу сакталышын, шайлоолордун адилет болушун ж.б. талап кылган толтура маселелерди коюп атпайбы. Бул революцияны 24-мартта Бишкекте болгон окуя менен гана байланыштырып атышат. Бирок ага чейинки болгон окуялардын өзү бул революциялык процесстерге негиз түзүп берген.

24-марттагы окуянын башы бул Аксы окуясы деп айтылышы керек. Ошондон от алган иш-аракеттин аягы келип туруп 24-марттагы окуя болду. Менимче Кыргызстанда революциялык кырдаал дагы эле уланып атат. Анткени революцияда коомчулук койгон маселе, элдин мүдөөсү ишке ашкан жок. Демек бизде дагы революциялык кырдаал уланып атат деп айта алам.

«Азаттык»: - Экс-президент Аскар Акаев март окуяларын мамлекеттик төнкөрүш болгон деген сөздү айтып келатат. Мурдакы мамлекеттик катчы Осмон Ибраимовдун дагы ою дээрлик ошондой экен. Ал эми мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков дагы революция деп айтканга кошулбайт экен. Ошол эки көз карашты дагы азыр радиоугармандарга угуза кетели.

Осмон Ибраимов:
- Мен бул жөнүндө атайын пикир жаздым, Москвада “Международные отношения” деген басмадан басылып чыкты. Ошондо мен 24-мартты мамлекеттик төңкөрүш деп айткам.







Ишенбай Абдразаков:
- Март окуясы деп эле коем. Себеби коомдогу саясий курулушту, социалдык түзүлүштү түп тамырынан бери өзгөрткөн, же болбосо абдан олуттуу өзгөрүүлөргө алып келгенди революция дейт. Бизде андай болбой атпайбы.






«Азаттык»:
- Эми Март окуяларындагы ички жана сырткы факторлордун таасирине да токтоло кетсек. Президент өзүнүн китебинде март окуяларында геосаясий фактор жана кылмыштуу уюшкан топтор чечүүчү роль ойногон деп айткан эксперттердин пикирлерин эч кандай илимий негизи жок ооз көптүргөн сөз катары четке кагыптыр. Сиздерде кандай ой-пикир бар ушул сырткы фактордун таасири жана кылмыштуу топтордун ролу жөнүндө. Кеп кезегин Арслан мырза сизге узатайын.

Арслан Койчиев: - 24-март окуяларын кеңири эл аралык контексттe карашыбыз керек. Кыргызстандан мурун Украинада, Грузияда жана Ливанда да бийлик тынчтык жолу менен алмашкан ушундай окуялар болуп кетпедиби. Бүтүн Евразия континентине байкоо салып турган талдоочулар эмки кезек Кыргызстан деп ачык эле айтып калышкан жана Кыргызстанда бир окуя болору алдын ала күтүлгөн болчу. Ал эми ошол окуяларга эл аралык күчтөр, маселен Батыштагы саясий күчтөр аралашканбы деген суроого Кыргызстандын ошол учурдагы бийликтери жооп берүүгө аракет кылган.

Маселен мен билгенден, чалгындоо кызматтарынын аракети аркасында Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын Мамлекеттик департамент менен болгон кат алышуулары ачыкка чыгарылып, көрсө Кыргызстандагы революцияны көксөгөн күчтөрдү Америка өзү каржылаган атыптыр дегендин далили катары келтирилген болчу, бул биринчи.

Экинчи, так ошол учурда 23-24-март күндөрү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин айрым өкүлдөрү Вашингтондо АКШнын мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан болчу. Алардын негизги өтүнүчү - Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдү, төңкөрүштү же революцияны көксөгөн күчтөрдү тыюу болгон. Бирок ал өтүнүч, албетте, ишке ашпай калды. Мындан биз ушундай жыйынтык чыгарсак болот, кайсы бир деңгээлде эл аралык күчтөрдүн аралашуусу болгон.

Ошол учурда мурдагы президент Аскар Акаевдин мындай деп айтканы бар: “Эгер Голландия бул жоогазындардын өлкөсү болсо, Кыргызстан бул өкмөттүк эмес уюмдардын өлкөсү”. Кыргызстанда миңдеген өкмөттүк эмес уюмдар ошол учурда каттоодон өтүп, аракет кылып аткан эле. Булардын бардыгы, албетте, Батыш уюмдары, Батыш өлкөлөрү тарабынан каржыланып аткан уюмдар эле. Алар дагы Кыргызстан коомчулугундагы өтө таасирдүү күчкө ээ болчу. Алардын дагы ролун четке кагууга болбойт.

Ал эми кылмыштуу күчтөр жөнүндө айтсак, албетте, буга мен так жооп бере албайм, муну атайын изилдеген эмесмин. Бирок кээ бир колдо болгон маалыматтарга караганда, так ошол 24-март окуяларынан кийин кээ бир кылмыштуу күчтөрдүн баш көтөрүп, өздөрүн реабилитация кылууга болгон аракетинен улам, демек алар дагы кайсы бир ролду ойносо керек деп болжолдоого болот.

«Азаттык»: - Ушул сырткы күчтөрдүн таасири боюнча сиздин кандай оюңуз бар Төлөбек Абдракманович?

Төлөбек Абдракманов: - Бул маселе боюнча КМШ өлкөлөрүнүн окумуштууларынын пикирлерин карап көрсөк, үч багыт каралган. Албетте, сөзсүз түрдө таасири болгон дейт. Бирок, биринчиден ал таасир Батыш демократиясынын, батыштык жашоонун үлгүлөрүнүн кандайдыр бир таасири, азгырыгы деп коелучу. Экинчиден, Арслан мырза айтып кеткендей, мамлекеттик эмес уюмдардын, ММКлардын, “Би-Би-Си”, биз сүйлөп аткан “Азаттык” радиосунун моралдык жана маалыматтык ролун сөзсүз түрдө айтып кетиш керек.

Үчүнчү фактор, алар айтышат, мүмкүн акчалай түздөн-түз каржылоо болгондур, бирок муну эч ким так далилдеп бере албайт жана бул көмүскө бойдон калат дейт. Башка бир тарыхый өңүттөн карай турган болсок, дүйнөдө тарыхта болуп өткөн бардык революцияларда тышкы фактор, тышкы колдоо болгон. Ошол эле Франциядагы, Англиядагы, эң аягында келе турган болсок Орусиядагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Германиянын түздөн-түз каржылоосу ж.б менен ишке ашкан.

Экинчиден, дүйнөдөгү бир дагы революция криминалдардын катышуусуз өткөн эмес. Маселен Сталиндин, Дзержинскийдин ролу ошондой, ошолор карактап акча чогултуп келип туруп революцияга салган. Бул болуп келген, боло берет. Бирок айтып коюшубуз керек, булар чечүүчү фактор болгон эмес. Ала турган болсок, Баяман ж.б. таасири чечүүчү фактор болгон эмес, чечүүчү фактор Кыргызстанда элдин катышуусу болгон.

Бакыт Орунбеков: - Ошол окуяга беш жылдан кийин баам салып отурганда көп нерсени ачык айтканга туура келет экен. Менимче 24-марттагы окуяга чейин сырткы күчтөр чоң-чоң мамлекеттер Кыргызстанга моралдык жактан колдоолорду көрсөтүп келишкен, өздөрүнүн билдирүүлөрүн жасап. Демократиялык күчтөр колдоо көрсөтүп Кыргызстанда көп иш чараларды жасап келген. Анткени ошол демократиялык күчтөр Кыргызстанда канчалык деңгээлде жаңы күч болуп, жаңы өзгөрүүлөргө алып келе ала турган потенциалы барбы же жокпу деп, демек ишеним жок болуп күтүү позициясында болуп келди деп эсептейм.

Эгерде ошол убакта Грузияда, Украинада болгон окуяларга Америка, башка өлкөлөр түздөн-түз материалдык дагы, моралдык дагы, башка саясий жагынан дагы колдоо көрсөтүп келсе, Кыргызстанда 24-мартта эле ошондой окуя болуп кетерин Америка сезбей да, жетишпей да калды. Анткени "24-мартта келебиз дагы мөөнөтсүз митингдерди, мөөнөтсүз акцияларды баштайбыз" деп жаткан демократиялык күчтөр борбордук аянтка чогулгандан жарым сааттан кийин эле Ак үй алынып калды. Демек, бул жерде күтүүсүз окуя болду, ошондуктан алар жардамды же башка нерсени көрсөткөнгө жетише албай калды деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG