Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Карзай талиптердин "буроосу" Пакистанда деди


Президент Хамид Карзай(солдо) жана вице-президент Мухаммед Касым Фахим(оңдо) Ооганстандын Тынчтык Кеңешинин төрагасы, экс-презтидент Бурхануддин Раббанинин табытынын жанында бата кылышууда. Кабыл, 23-сентябрь 2011
Президент Хамид Карзай(солдо) жана вице-президент Мухаммед Касым Фахим(оңдо) Ооганстандын Тынчтык Кеңешинин төрагасы, экс-презтидент Бурхануддин Раббанинин табытынын жанында бата кылышууда. Кабыл, 23-сентябрь 2011

Ооганстан президенти Хамид Карзай 2-октябрда талиптер менен элдешүү боюнча бардык сүйлөшүүлөрдү токтотту.

Карзай чукул арада тынчтыктын жаңы стратегиясын жарыялайт деп күтүлүүдө. Ооган лидери ишемби күнү жарыяланган видеотасмада коңшулаш Пакистанды экстремисттердин зобун-зордуктарын токтотууга көбүрөөк жардамдашууга үндөгөн болчу.
Биз тапкан документтер жана далилдер Раббаниге кол салууга Талиптердин Кветта шаарындагы жетектөөчү кеңеши түзмө-түз байланышканын айтууда.
Лутфулла Машал



Ал эгер Пакистан мурдакы Ооган президенти Бурхануддин Раббанинин өлүмүн иликтөөгө жардамдашпаса, ырасмий Кабыл эл аралык изилдөө жүргүзүү үчүн тыш өлкөлөргө кайрылууга толук укуктуу экенин кулак какты да кылды. Ошол эле учурда тынчтык сүйлөшүүлөрүн мындан ары уланткандан пайда жок, себеби не талиптердин ана башы Молдо Умар, не алардын Кеңеши менен байланышууга мүмкүн болбой жатканына көңүл бурду президент Карзай:

- Ооба, биз тынчтыкты каалайбыз. Бирок Ооганстандын эли менден ким менен сүйлөшүп жатасың деп сурашууда. Тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүнүн экинчи жагында кимдер бар? Менин өнөктөшүм бул, же тынчтык сүйлөшүүсүнүн каршы тарабында Пакистан дегенден башка жообум жок. Мен Молдо Умарды тапкан жокмун. Ал кайда жүрөт? Мен талиптердин Кеңешин да таба албадым. Кеңеш кайда? Алардын атынан чабарман келди жана эч кандай суроосу жок эле биздин адамдарды өлтүрүп кетти. Ушундайда биз ким менен сүйлөшүшүбүз керек? Пакистан менен.
Талиптер менен тынчтык сүйлөшүүсүнө чакырган Хума Султани башындагы топ көчө жүрүшүн өткөрүүдө. Ооганстан. 29-сентябрь 2011

Мындай билдирүүнү Карзай жума күнү диниятчылар менен Кабылдагы президент сарайындагы кездешүүдө жасады.

Ооган лидери талиптер менен элдешүү үмүтүнөн 20-сентябрда Бурхануддин Раббани жанкечтинин бомба чабуулунан курман болгондон кийин баш тарткан. Ооганстандын Тынчтык Кеңешинин төрагасы катары Раббани акыркы бир жылда талиптерди бийлик менен жараштырганга көп аракет кылып, бирок сүйлөшүүдөн жакшы майнап чыкпай жаткан.

Жанкечти экс-президент Раббани менен сүйлөшүүгө талиптердин тынчтык элчисимин деп келген.

Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Жилани 1-октябрда Ооган президентине кайтарган жообунда Раббанинин өлүмүн тергөөгө Исламабад бар жардамын аябай бергенин, Хамид Карзайда өзүнүн тынчтык элчисинин өлүмү боюнча айрым жаңылыш түшүнүктөрү бар экенин белгиледи.

Ооганстандын чалгындоо кызматы 2-октябрда билдиргенге караганда, Бурхануддин Раббанини өлтүрүүгө талиптердин Пакистанды пааналаган жетекчилеринин “түздөн-түз байланышы бар”. “Биз тапкан документтер жана далилдер Раббаниге кол салууга Талиптердин Кветта шаарындагы жетектөөчү кеңеши түзмө-түз байланышканын айтууда”, - деп билдирди Ооганстандын коопсуздук кызматынын улуттук башкармалыгынын өкүлү Лутфулла Машал журналисттерге.

Өткөн жумада АКШ бийликтери Пакистандын чалгындоо агенттигин “ал-Каида” менен талип согушчандарынын Батыш объекттерине кол салуусуна кол кабыш кылууда деп күнөөлөгөн. Ырас, Пакистан жетекчилиги мындай айыптоону изин суутпай четке каккан.

29-сентябрда АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон айым Пакистанда жайгашкан “Хаккани” уюмун террорчул топтордун тизмесине киргизүү жагы акыркы ирет электен өткөрүлүп жатканын маалымдаган. Уюмдун жетекчилерин ырасмий Вашингтон ырасмий түрдө террорчулардын катарына мурда эле кошкон.

“Хаккани” группасы Ооганстандагы Американын жана анын союздаштарынын аскерлерине, анын ичинде 13-сентябрдагы Кабылдагы АКШ элчиканасына каршы кол салууларды уюштурду деп айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG