Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Эй, Түркия, кандаш элим...


Президент Атамбаев Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Стамбул, 15-январь, 2012.
Президент Атамбаев Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Стамбул, 15-январь, 2012.

Түркияда кыргызстандык жүздөгөн студенттер окуп, миңдеген мигранттар ар кандай жумуштарда иштешет.

Студенттер учак белетинин кымбаттыгынан мекенине келип-кетүүдө кыйналып жатканына даттанса, укугу басмырланган, иши ордунан жылбаган мигранттар да арбын.


Качан арзаныраак учабыз?


Түркияда кыргызстандык миңдей студент билим алат. Алардын тигил же бул адистик боюнча алган дипломдорунун баары эле Кыргызстанда жарай бербейт. Бул студенттердин негизги көйгөйлөрүнүн бири.

Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү Зайырбек Малашев муну тастыктады:

- Негизги көйгөй дипломдорду таануу маселеси болууда. Кыргызстандын Улуттук аттестациялык комиссиясы бул жактагы кесиптештери менен сүйлөшүп жатышат деп уктук.

Студенттерди кыйнаган дагы бир маселе – жол киренин кымбаттыгы. Гүлназ Исакова Анкара шаарындагы Гази Университетинин акыркы курсунда окуйт. Ал мекенине эки жылдан бери келе элек:

- Жол кире, учак белетинин кымбаттыгын айтып тил тешилди. Бул маселени чечебиз деп канча жылдан бери айтып келатышат. Кыргызстанга барып келгенибиз жеңилдейт эле деп ошону күтүп жатабыз.

Түркияда окуп жаткан студенттер жана ал жакта иштеген жарандар учак маселесин Алмазбек Атамбаевдин 12-15-январда бул өлкөгө жасаган сапары учурунда да көтөрүштү. Алардын айтымында, каттам баасы Кыргызстан менен Түркияга караганда Казакстан менен Түркиянын ортосунда кыйла арзан. Атамбаев Стамбул жолугушуусунда кыргызстандыктарды “Түрк аба жолдоруна” атаандаш боло тургандай биргелешкен компания түзүү аркылуу бааны арзандатуу аракети болуп жатканын белгиледи:

- Биз бааны каалаганындай коюп жаткан “Түрк аба жолдору” компаниясына атаандаш боло тургандай кыргыз-түрк биргелешкен компаниясын түзөлү деп жатабыз.


Кыргыздар Москвадан Стамбулга агылууда


Түркиядагы кыргыз диспорасынын өкүлү, Стамбул шаарында жашаган Нурланбек Карыпбек уулу Анадолу жеринде кыргыз мигранттарынын арасында алданып калгандар, ойдогудай иш таба албай чайналып жүргөндөр, аянычтуу тагдырга туш келгендер да жок эмес экенин кеп салды:

- Стамбулга бала багабыз деп келишет. Бала бакканга бул жакта 200-300 доллар төлөшөт. Мындан тышкары, соода борборлоруна иштейбиз деп келишет. Бирок аларды аларды фабрикалардагы эң оор деген жумуштарга чегеришет. Маяналарын айдын аягында беребиз деп, бирок эки-үч айдан кийин кууп жибергендер да көп болот. Ошондой эле машина уруп кеткендер да бар. Түркия гезиттери “сойкулук кылган, сатылып жаткан кыргыз кызы колго түштү” деп жазышканда бет кызарат.

Ошого карабай акыркы кездери кыргыз мигранттары Орусиядан эми Түркияга агыла баштады. Анын себебин Нурланбек Карыпбек уулу мындайча ажыратты:

- Былтыр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визаны алып салат дегенден кийин мигранттар Түркияга каптап кирди. Бирок Түркияда иштөө абдан оор, мыйзамдар да катаал. Иш визасын алышка бир жыл убакыт керек.

Учурда Кыргызстандын жарандары Түркияда бир айга чейин визасыз жүрө алат. Ал эми Түркия менен Кыргызстан толук бойдон визасыз каттоо режимин бир жылдан бери көтөрүп, бирок чечиле элек.

Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы жолугушууда кыргызстандык мигранттарга квота берүү, алардын Түркияда иштөөсүн жеңилдетүү боюнча түрк бийликтери менен сүйлөшкөнүн маалымдады.

- Илгери биздин аталар виза сыяктуу документтери жок эле Изник жана башка жерлерге келди эле, азыр эми жок дегенде квота бергиле деп ачык эле айттым. Аны да ойлонобуз дешти. Анткени, бул жакка көп киши келип, иштей албай айдалып кетип жатат. Бул маселени баштадык, эми аягына чыгарабыз.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анталия жана Измир шаарларында. Ошол эле кезде Түркияда иштеп, ийгилик жараткан кыргызстандыктар да жок эмес. Алар тууралуу өзүнчө сөз кылабыз.

XS
SM
MD
LG