Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Алеппо армяндары үркүндөн коркууда


Авиасоккудан зыян тарткан мечит. Сириянын түндүгүндөгү Азаз шаары. 23-август, 2012
Авиасоккудан зыян тарткан мечит. Сириянын түндүгүндөгү Азаз шаары. 23-август, 2012

Сириянын көп улуттуу Алеппо шаарында бир айдан бери өкмөттүк күчтөр менен адаватчылар арасында катуу уруш жүрүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда, президент Асадга ишенимдүү аскерлер жума күнү Алеппонун тарсалар жашаган үч бөлүгүн кайра ээледи. Калаага өткөн кылым башында Түркиядагы алаамат кыргындан качып келген армяндардын башына кайрадан каран күн түштү.

Алеппо шаарындагы согушта көпчүлүк серепчилердин айтымында, Башар Асад башындагы режимдин тагдыры чечилүүгө тийиш. Апта башында адаватчылар шаардын теңинен көбүн ээлешкенин айтышкан. Бирок өкмөт бейшемби күнү калаанын тарса калктуу үч маалеси эрегишчилерден тазаланганын жар салды.

Сириялык күрт качкындар Ирактын түндүгүндөгү Дохук шаарындагы бозгундар лагеринде. 24-август 2012
Сириялык күрт качкындар Ирактын түндүгүндөгү Дохук шаарындагы бозгундар лагеринде. 24-август 2012
18 айга өтүп бараткан коогалаң 20 миңге жакын сириялыктын өмүрүн алды. БУУнун маалыматына ылайык, 170 миңдей адам Сириядан сырт өлкөлөргө ооп кетти жана 2,5 миллион адам жардамга муктаж.

Бозгундардын арасында Ливанга жана Арменияга качкан 3 миңдей армян да бар. Алардын бири Геворг Паясян. Анын чоң атасы 1915-21-жылдардагы Түркиядагы армян кыргыныдан качып, Алеппого келген. Геворг чоң атасынын кандуу булоондо аман калган жалгыз бир тууганы - 9 жаштагы карындашына Алепподо кездешет.

67 жаштагы Паясян жана анын зайыбы апрелден бери Ереванда жан багышууда. Ал Алеппонун армян жамааты 100 жыл мурдакыдай кайра жабыр тартат деп чочуйт:

- Башар Асад бизге дос мамиледе эле. Анын ыкласы менен биз эркин элек. Түрдүү этностор жана диний топтор
Геворг Паясян жубайы Елена менен Еревандан убактылуу башпаанек тапты.
Геворг Паясян жубайы Елена менен Еревандан убактылуу башпаанек тапты.
арасында жакшы жашадык. Эгер Асад болбосо, исламчылар армяндарга жаман мамиле кылмак. Андыктан, көпчүлүк армяндар Алеппону калтырып кетишти,” -дейт 69 жаштагы Паясан.

Сириянын азыркы президентинин атасы Хафез Асад 1982-жылы суннилердин Хама шаарындагы көтөрүлүшүн аёосуз баскандан кийин “Мусулман агайындар” Алепподо армян мектеп окуучуларына анча мезгил кол салып турушкан.
Себеби шиилердин алавит масхабынан чыккан Хафез Асад 1970-жылдардын аяк ченинен тарта сунни оппозициясы менен тиреште этностук азчылыктарга таянат. Бул саясатты уулу Асад да уланткан.

Мындай кызматташуудан былтырга чейин армян азчылыгы пайда көрсө, азыркы бийлик кыйраса, анын зыянын тартышы ыктымал дейт, АКШнын Бостон университетинин профессору Геворг Паяслян:

- Армян коому Асаддын режими менен кызматташкан башка азчылыктар сыяктуу Асаддын өкмөтүнө өтө жакын мамиледе деп эсептелет, - дейт теги алепполук Геворг Паяслян. - Эгер Асаддын өкмөтү бүлүнсө, оппозиция бийликти колуна топтой баштайт. Алар өч алуу үчүн армян жамаатына кол сала башташы мүмкүн.

Алепподо армяндардан башка да күрттөр, черкестер, христиан-арабдар, ошондой эле сунни көпчүлүгү жашайт.

Алепподогу армян лагери. 1920-жылдар
Алепподогу армян лагери. 1920-жылдар
Сириялык армяндарга саясий партияларды түзүүгө, өкмөттө жогорку кызматтарда иштөөгө тыйуу салынган. Бирок алар башка этностук азчылыктар өңдүү араб тилинде эркин сүйлөшүп, университеттерде окушат, армияда кызмат кылышат жана коомго камыр-жумур аралашып жашашат.

Америкалык тарыхчы Кит Дэвид Ватенпа 1990-жылдардын башында Алепподо жашаган. Илимпоз Сириядагы азыркы калабадан улам армяндар Алеппо менен кош айтышат деп ойлобойт. Бирок келерки 20-25 жылда азчылыктарга же тарсаларга болгон терс мамиленин кесепетинен этностордун саны азаят. Анткени коңшулаш Ливандан жана Ирактан улуттук азчылыктар чыгып кетүүдө, дейт Ватенпа:

- Эгер Алеппо армяндарды жоготсо, эгер араб тилдүү тарсаларды жоготсо, Алеппо жашоо ыргагын жоготот. Ошондой эле коммерциялык борбор катары дүйнөнү өзүнө тартуу жөндөмүнөн ажырайт. Алеппо непада көп маданияттуу шаар катары сакталбаса, анда бүтүндөй региондо адам укугунун абалы, толеранттуулук начарлап, түрдүү этностогу адамдар эриш аркак жана байдөөлөт жашай албайт калышат деп кооптоном, -деди Калифорния университетинде эмектенген тарыхчы.

Хосни Мубарак бийликтен оодарылгандан бери Египетти байыркы коптор жана башка тарса азчылыктары арасында өлкөнү таштап кеткендер байкалууда.

XS
SM
MD
LG