Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Асаддын режимине моюнтурук тартылууда


Эркин Сирия армиясынын жоокерлери Дамаскинин колтугундагы Сакба маалесинде кайгуулда. 17-август, 2012
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери Дамаскинин колтугундагы Сакба маалесинде кайгуулда. 17-август, 2012

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бейшемби күнкү жыйынында Сириядагы байкоочулар миссиясы ишин токтотсун деген жыйынтыкка келди.

Бирок эл аралык уюмдун миссиясы Дамаскиде кала бергенин оң тапты. Мындай бүтүмдүн жасалышына президент Башар Асаддын режиминин өз букараларына каршы оор аскерий техниканы колдонуудан баш тартпаганы жана куралдуу кагылышууларды токтотуу аракетинде оң жылыштын жоктугу негиз болду.

Миссияны токтотуунун себеби

Байкоочулар миссиясы Сириядагы каршылашкан тараптардын куралдуу кагылашууларды токтотуусуна жана чатакты токтотуу боюнча атайын чабарман Кофи Аннандын планынын аткарылышына көз салуу үчүн 90 күндүк мандатта Коопсуздук Кеңешинин токтому менен киргизилген болчу.

Сириянын аскерий күчтөрү Алеппого босоголош Азаз шаарчасына сокку уруп кайткандан кийинки көрүнүш. 15-август 2012
Сириянын аскерий күчтөрү Алеппого босоголош Азаз шаарчасына сокку уруп кайткандан кийинки көрүнүш. 15-август 2012
Миссияны Сириядан чыгарып кетүү чечими тууралуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ушу таптагы төрагасы Франциянын өкүлү Жерар Аро:

- Алардын мандаты 19-августта аяктайт. Эгер сиз мандатты улантпасаңыз, анын мөөнөтү бүтөт. Миссия жакынкы күндөрү чыгарылып кете башталат. Ырас, миссия аяктаганы менен Улуттар Уюмунун өлкөдө болгону пайдалуу деп ойлоймун.

Жерар Аро түшүндүргөнгө караганда, Улуттар Уюмунун байкоочулар миссиясынын ишин улантуу үчүн коюлган талап аткарылган эмес: Куралдуу зобун-зордукту токтотууда оңдуу жылыш жок жана президент Ассаддын өкмөтү карапайым элге каршы авиация менен танктар жана артиллерияны колдонууну токтотууга көнбөй койгон.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Нью-Йоркто журналисттер менен кездешүүдө Сириядагы эл аралык байкоочулардын вазийпасы токтотулганына кыжаалат экенин айтты:

- Мандаттын аяктоосу бизди өкүндүрөт. Миссиянын токтотулушун жактаган Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү каршылашууну басууга жана Сириядагы жагдайды саясый жол менен жөндөөгө чындап кызыгышпаганан көрсөттү.

Улуттар Уюмунун байкоочулар миссиясы Сириядан чыгарылганы менен жагдайдан кабардар болуп туруу үчүн уюмдун байланыш кеңсеси Дамаскиде кала берет.


Асад жана каршылаштары тандаган жол


Сириядагы жагдайга кайрылсак, БУУнун тынчтыкты сактоо боюнча операцияларынын башчысы Эдмунд Муллеттин сөзү менен айтканда, Башар Асад башындагы өкмөт жана козголоңчулар “согуш жолун тандап алышкандыктан саясый диалогго, жоолошууну токтотконго жана арачылык үчүн орун аябай азайган”.

Ирандынын Мафрак шаарындагы сириялык качкындар азык-түлүк жардамын күтүшүүдө. 16-август 2012y of Mafraq, near the border with Syria, 16Aug2012
Ирандынын Мафрак шаарындагы сириялык качкындар азык-түлүк жардамын күтүшүүдө. 16-август 2012y of Mafraq, near the border with Syria, 16Aug2012
Өлкөнүн эң чоң шаары жана коммерциялык борбору Алепподо үч жумадан бери катуу согуш жүрүүдө. Башар Асаддын режиминин тагдыры ушу Алепподогу урушта аныкталышы этимал деп боолгонууда.

Сириядагы жаатташтык согушунун эпкини коңшу өлкөлөргө да акырындап жылууда. Перс булуңундагы өлкөлөр Ливандагы букараларын мекенине кайтууга үндөдү. Чакыруу Асаддын режимин колдогон шииттер кланы Дамаскинин ныптасында адаватчылар уурдап кеткен адамын бошотуу үчүн Бейрутта 20дан көп сириялыкты жана бир түркиялыкты барымтага алгандан соң жасалды.

Ливан шииттери Башар Асадды колдошсо, ливандык суннитер эрегишчилерге тилектеш.

Бейшемби күнү Ислам кызматташуу уюму Сириянын мүчөлүгүн убактынча токтотту. Уюмдун 57 мүчөсүнүн ичинен Иран гана береги чечимге каршы турду.
Мындай чечимди Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары “Батыш оторчулугун” жана “террорчуларды” колдоо деп мүнөздөөдө.

18 айдан берки куралдуу коогалаң сириялыктарга чоң мүшкүл салды. БУУнун гуманитардык операциялар боюнча башчысы Валери Амос айым 2 күн мурда Сирияга баргандан кийин 2, 5 миллион адам жардамга муктаж экенин билдирген. Чет өлкөлөрдө 147 миң сириялык качкын катталган. Сириянын өзүндөгү там-жайсыз бозгундардын саны 1 миллионго чукулдоодо.

XS
SM
MD
LG