Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Кыргызстан Бажы биримдигинин босогосунда


Бажы биримдигине каршы Арменияда өткөн акция. Ереван. 4-сентябрь, 2013-жыл.
Бажы биримдигине каршы Арменияда өткөн акция. Ереван. 4-сентябрь, 2013-жыл.

Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картанын соңку варианты келерки апталарда Москвада макулдашылат.

Бул тууралуу бүгүн, 2-майда өкмөт жыйынында айтылды. Анда Жол картага байланыштуу маселелердин дээрлик баары чечилип калганы белгиленди. Ал арада “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылы эмки дүйшөмбү, 5-майда Бишкекте тынч нааразылык акцияга чогулганы жатат. Аталган кыймыл Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе кесепети оор болорун айтып, өкмөттү шашылыш чечим кабыл албоого чакырууда.

Өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Торалиеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, жыйында Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картанын соңку вариантын макулдашуу үчүн жакында Москвага жумушчу топ жөнөп кете турганы айтылды:

- Жыйын өкмөт мүчөлөрүнүн, президенттин аппаратынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Өкмөт башчы чогулгандарга Орусияга жасаган иш сапары, андагы макулдашуулар тууралуу маалымат берди. Жол картасы дагы талкууланды. Жоомарт Кайыпович, Москвадагы сапары маалында Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык мейкиндикке кирүү боюнча документтерди макулдашуу үчүн Москвага жумушчу топту жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынганын айтты.


Расмий маалыматка ылайык, жумушчу топ Москвада 12-майда чогулганы жатат. Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун айтымында, Жол картага байланыштуу түйүндүү маселенин дээрлик баары чечилип калды:

- Жол картасы боюнча тараптар дээрлик макулдашып бүтүп калды. Аз гана пунктары калды. Макулдашуу процессине премьер-министр өзү аралашкан жок. Жумушчу топтордун деңгээлинде экперттер жүргүзүп жатат. Ал белгиленген иш тартип менен эле жүрүүдө. Бул жумушчу топтун 10чу жыйыны болмокчу. Менимче оор маселелер деле калган жок. Эксперттер эмки жолугушууда калган маселелер боюнча орток пикирге келет. Тактай турган гана жагдайлар калды.


Ал арада Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү кыргыз өкмөтүн Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картаны ачык талкууга койбой жатат деп сынга алууда. 2-майда “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылы жана айрым партиянын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз либерал партиясынын өкүлү Манас Саматов Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, эгемендигине доо кетет деп айтты:

- Бажы биримдигине кошулуу демилгесин өкмөт эч ким менен кеңешпей туруп көтөрүп чыккан. Өкмөттүн мындай кадамы туура эмес. Өкмөт, дегеле мамлекеттик машина өзүнүн колунда ушундай чоң медиа ресурс туруп 2-3 жылдан бери элге Бажы биримдигине кирсе оң жыйынтыктар болорун далилдеп, элге жеткире алган жок. Анткени Бажы биримдиги бул жат мамлекет таңуулап жаткан мегадолбоор. Бул ириде биздин эгемендигибизге доо кетире турган долбоор.


“Реформа” партиясынын төрагасы Мирбек Асангариев Бажы биримдигинин экономикалык кесепетине токтолду:

- Жакшыбы же жаманбы азыр 300 миңге жакын чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлебиз бар. Алар өкмөттөн эч нерсе сурабай, өз тирилигин кылып келатат. Эми Бажы биримдигине кирсе бул ишкерлерге арзан сырье берген Түркия, Кытай жана Араб эмираты өңдүү өлкөлөргө жол жабылат. Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө эки эсе көп товар экспорттойт. Биз импортко аябай көз каранды мамлекетпиз. Экспортко караганда импорт эки эсеге көп. Ошол импорт Казакстан менен Орусиядан келбейт. Эгер биз азыркы мүмкүнчүлүктү Бажы биримдигинин төлөмдөрү менен чектеп койсок, анда биздин жарандарыбыз, ишкерлерибиз оор акыбалга кептелет.


“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылы баштаган айрым партиянын, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү 5-майда Бишкекте тынч нааразылык акцияга чогулганы жатат.

“Азаттыктын” өкмөттөгү ишенимдүү булактарынын маалымдашынча, Бажы биримдиги боюнча жол картанын макулдашылган варианты ушул айда парламентке жөнөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG