Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

БУУ: Украинада миңдеген адам бозгунга айланды


Украина менен Орусиянын чек арасындагы качкындар лагериндеги балдар. 22-июнь.
Украина менен Орусиянын чек арасындагы качкындар лагериндеги балдар. 22-июнь.

Бириккен улуттар уюмунун мартабалуу чиновниктери Чыгыш Украинада кырдаал начарлап баратат деп эскертишти.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү АКШ жана Британия кризистик абал үчүн Орусияны күнөөлөштү.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 5-августтагы кезексиз жыйынында Украинадагы жагдайды кайра талкуулады. Уюмдун Гуманитардык операциялар боюнча директору Жон Гинг украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы согуш, өзгөчө шаар элинин өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, калкты электр энергиясы жана суу менен камсыздоо оор болууда.

БУУнун 5-августта, эртең менен билдиришинче, апрелден берки согуштун кесепетинен 285 миңдей адам там-жайын таштап кеткен жана уруш 1350дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын Европа бөлүмүнүн директору Винсент Кохетель 5-августта Женевадагы брифингде сүйлөп:

- Биз Орусия бийликтеринин маалыматына жараша анализдеп көрдүк: согуш башталгандан бери Орусияга 730 миңдей украиналык өттү. Бул цифранын туура экенине ишенебиз,- деди.

Кохетелдин айтымында, Донецк жана Луганск шаарларында банктар иштебегендиктен, жарандар аманат акчаларын ала албай кыйналууда. "Украин армиясынын чоң шаарларга жакындоосу элди дүрбөлөңгө салып, адамдар Орусияга жана Украинанын башка бөлүктөрүнө качууда", - деди ал.

Урушка чейин Донецкте 1 миллионго жакын, Луганскта 430 миңдей эл жашаган.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Луганск менен Донецктеги абалды “өтө жаман” деп мүнөздөп, Москва карапайым элге жардамдашуу үчүн гуманитардык кербен жөнөткөнү жатканын билдирди.

Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Британия жана АКШ - Украина менен чогуу - Орусияны жикчилдерге финансылык жана материалдык жардам көрсөтүүдө деп айыпташты. Алар кризистин башкы себебин Москванын козголоңчуларды колдоп жатканынан көрүшөт. Ушундан улам АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Розмари Ди Карло гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн Москва Чыгыш Украинага “согушчандарды, каруу-жаракты жана акча жөнөткөндү токтотуусу абзел”,- деди Коопсуздук кеңешинде сүйлөп.

Украинанын орун басар элчиси Александр Павличенко "Украинада гуманитардык кризис жок, бирок Донецк менен Луганск шаарларындагы жагдай абдан олуттуу",- деди. Анын айтымында, украин өкмөтү гуманитардык кырдаалды көзөмөлдөй алат жана “эл аралык кызматташууга ачык”.

Соңку маалыматтарга караганда, украин армиясы Донецк шаарын толук курчоого алды. Уруш жүрүп жатканына карабай, Малайзия, Голландия жана Австралиядан келген 110 эксперт 17-июлда кыйраган авиалайнердин сыныктарын жана авиакырсыкта өлгөн адамдардын сөөктөрүн чогултууда. "Боингде" бардыгы 298 адам бар эле. Аны Батыштын жана украин өкмөтүнүн ырасташынча, жикчилдер украин армиясынын учагы деп жаңылыш атып түшүргөн. Козголоңчулардын башчылары малайзиялык учактын кулашына эч кандай тиешебиз жок дешет.

Украин президенти Петро Порошенко 5-августта өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен болгон жыйын учурунда айтымында, козголоңчулардын ээлигинде облустун 10 пайызга жетпеген территориясы калган:

- Акыркы эки айда антитеррордук операция жүрүп жаткан аймак төрттөн үчкө кеңейтилди. Азыр операция аянттын төрттөн бир бөлүгүндө жүрүүдө.

АКШ жана украин бийликтери Украинанын чек арасына чукул аймакка орусиялык 20 миңдей аскер топтолгонуна тынчсыздануусун билдирди. Пентагондун өкүлү Жон Кирбинин айтышынча, аскерлер чек арага абдан эле жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG