Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Буйрутма киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды


Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жалданып киши өлтүрдү деген шек менен эки кишини кармады. Милиция муну акыркы жылдардагы өтө сейрек факт деп жатат.

Байкоочулар коом эгемендик жылдардан кийин өнөкөткө айланган саясий буйрутманын негизиндеги кол салуулардан арылганы менен, акча, байлык, таасир талашка байланышкан кылмыштардан арыла электигин айтышууда.

Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарына эт ташып иштеген касапчы, 40 жаштагы Чүй облусунун тургуну быйыл август айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, ошондон берки тергөө иштери касапчыны жалданган адамдар өлтүргөн деген божомолго алып келди. Кармалган эки шектүүнүн бири маркумга тааныш болгон, экинчиси өзүн президенттин жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык иштер менен да алектенип жүргөн:

- Маркум өлөрдөн мурда Турсунбек жана Жеңишбек деген эки адам менен жолугушуп, белгисиз себептерден улам алардын колунан каза тапкан. Андан кийин аны өзүнүн машинесине жүктөп 6-кичирайондогу көчөлөрдүн бирине таштап коюшкан. Алар азыр көрсөтмө берүүдө. Иликтөөдө кылмыш жалдама мүнөздө экени ачыкка чыгып, азыр буюртманы ким берген, эмне себептен өлтүргөн деген суроолор боюнча ыкчам топ иштеп жатат.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, соңку жылдары жалдама өлүмдөрдүн саны кыскарды. Жыл башынан бери жогоркудай кылмыш дээрлик катталган жок. Негизи, Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки 1990-жылдарда, андан кийин 2000-2010-жылдарда буйрутма киши өлтүрүүлөр көбөйүп, өнөкөткө айланган. Алардын далайынын бети ачылбаган бойдон калууда. Андай саясий боегу бар жагымсыз көрүнүштөр акыркы жылдары азайганын мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков да билдирип, бирок, акча, байлык же таасир талаштан чыккан буйрутма өлүмдөр дале бар деп деген ойдо:

- Киши өлтүргүчтөр жоголгон жок. Мурунку буюртма өлүмдөрдүн баары толугу менен ачылган эмес. Жалданма киллерлердин качып кеткен, түрмөгө түшүп, бирок белгисиз себептерден улам акталып чыккан, аларды качырып жиберген учурлары да бар. Кылмыш иштери ачылбай, бүдөмүк бойдон калгандары да бир топ.

Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында. 19-октябрь, 2016-жыл
Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында. 19-октябрь, 2016-жыл

Киши өлүмүнө чейин жеткен буйрутма кылмыштардын мүнөзү өзгөргөнүн талдоочу Ахунбай Кошоев белгиледи:

- Ушул тапта жеке кызыкчылыктар менен буюртма киши өлтүрүүлөр анда-санда болуп турат. Бийлик андайга бара албайт. Себеби, мурдагы бийликтердин жоруктарын билип, байкап көрүшүп чочулашат. Бирок аябай кысталыш болуп, бийлик, байлык кумары жеңип кетсе, билбейм.

Буйрутма өлтүрүүлөр өскөн маал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мезгилине туура келет. Ал өлкөнү башкарган беш жыл ичинде чоң кызматтарда отурган таасирдүү адамдарды, саясатчыларды, депутаттарды, журналисттерди өлтүрүп же аеосуз сабап кеткен учурлар көп болгон.

Медет Садыркулов 2009-жылы мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Медет Садыркулов 2009-жылы мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Өлкө өз алдынча болгондон берки бардык бийликтердин дарегине "кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып кеткен, байланышы бар" деген өңдүү жардык тагылып келет.

Жакында да референдум өткөрүүгө кескин каршылык билдирип келе жаткан парламент депутаты Чолпон Жакупова бири нече жолу белгисиз адамдардан эскертүү алганын, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканын айтып чыкты. Эл өкүлү укук коргоо органдарына кайрылган эмес, бирок Ички иштер министрлиги анын айткандары боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарлады.

Былтыр ноябрда дин таануучу Кадыр Маликовго, ал эми быйыл жайында прокурорго жасалган кол салуу да буйрутмалар тыйыла электигин көрсөткөндөй.

XS
SM
MD
LG