Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Клинтон менен Трамптын акыркы дебаты (видео)


Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп
Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп

19-октябрда Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлердин акыркы дебаты болуп өттү.

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон менен Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп шаршемби күнү Невада университетинде беттешти.

Талапкерлер үчүнчү ирет бет келишүүсүндө АКШнын ички маселелеринен тартып, Орусия, киберчабуулдар жана эл аралык маселелерге чейин айтышты.

Дебаттын башында кол алышууга жарабаган талапкерлер дебат учурунда бири-бирин кемсинткен сөздөрдү айтканга чейин барышты. Маселен, Хиллари Клинтон Дональд Трампты “Путиндин куурчагы” катары атаса, Трамп өз кезегинде аны “ажаан аял” деп сыпаттады.

19-октябрдагы дебатта көңүл бурдурган орчун маселелердин бири катары Дональд Трамптын 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын таануу-тааныбасын ачык айтуудан баш тартканы аталууда. Дебаттын алып баруучусунун шайлоонун жыйынтыгын тааныйсызбы деген суроосуна Трамп минтип жооп берди:

- Мен аны ошол кезде карап көрөм. Азыр эч нерсе дей албаймын. Ошол кезде карап көрөмүн. Мен азыр байкап жаткандар нерселер өтө жакшы эмес көрүнүш. Биринчиден, медиа акыйкатчыл эмес жана коррупциялашкан.

Дональд Трамп буга чейин шайлоо бурмаланышы мүмкүн экенин, маалымат каражаттары элдин башын айлантып жатканын билдирген.

Хиллари Клинтон өз кезегинде АКШдагы киберчабуулдарга орус президенти Владимир Путинди айыптап, ал бул аркылуу Республикалык партиянын талапкерин жеңишке жеткирүүгө аракеттенүүдө деди:

- Викиликс тууралуу эң башкысы эмнеде? Орус өкмөтү Америкага каршы тыңчылык кылууда. Алар америкалыктардын вебсайттарын, америка мекемелеринин, жарандарынын менчик жана жекече электрондук почталарын талкалап, андагы маалыматтарды Викиликске берип, ал аркылуу интернетке жайылтууда. Биздин шайлоого таасир этүүнү көздөгөн мындай аракетке Орусия бийлиги эң жогорку деңгээлде, Путин өзү күч үрөп жатканын биздин он жети чалгын кызматыбыз ырастап жатат. Менин оюмча, бул кечтеги эң башкы маселе мына ушунда - соңунда мына ушуларды Дональд Трамп туура деп баалап, Орусияны айыптайбы жана Путинден жардам алуудан баш тартабы? Ал Орусиянын америкалыктарга каршы тыңчылык кылуусуна каршы чыгууда, бирок өткөндө аны кубаттап жаткан. Мына ушул суроого биз жооп алышыбыз керек. Биздин бир дагы шайлообузда мындай нерсе буга чейин болгон эмес.

Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтон жана президент Барак Обаманын Путинди жаман көрүүсүнүн себебине токтолуп, орус президенти аларды Сирия жана башка жерлерде кадам сайын алдап кетип жатканы үчүн жек көрүшөт деди.

Трамп ошондой эле Хиллари Клинтон 2003-жылы сенатор кезинде Иракка чабуул жасоону колдогон деп, Сириядагы абал үчүн да аны күнөөлөдү. Клинтон айым өз кезегинде, Сириядагы чатакты жөнгөрүү үчүн бул өлкө аймагында учууга тыюу салуу маселесине токтолуп, аны Москва жана Дамаск менен сүйлөшүү аркылуу киргизүүнү жактады.

Миграция маселеси да талапкерлердин кызуу талкуусуна алынды. Хиллари айым Дональд Трамптын легалсыз мигранттарды депортациялоо максатына токтолуп, ал үй-бүлөлөрдүн ажыроосуна алып келерин эскертти. Анткени мигранттардын Америкада төрөлгөн балдары дароо АКШ жараны болуп өлкөдө калса, алардын ата-энеси депортацияланууга мажбур болот.

Дебатты көрүп отургандар.
Дебатты көрүп отургандар.

Дональд Трамп өз кезегинде Мексика менен чек арада көзөмөлдү күчөтүү менен баңги заттары, кылмышкерлердин келишине бөгөт коюларын белгиледи.

19-октябрдагы дебаттын жыйынтыгында кайсы тараптын жеңгени боюнча түрдүү көз караштар айтылууда. Айрымдар Хиллари Клинтон жеңди десе, башкалар Дональд Трампты атоодо.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG