Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

АКШ-Иран: Роуханинин каяшасы


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Иран менен АКШнын өткөн жылы жетишилген келишими, анын артынан санкциялардын алынышы мамиледеги музду бара-бара эритет деген үмүттөргө жетелеген.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жуп ишке киришерде анын болочок администрациясы менен Иран бийлигинин мамилеси кайрадан чыңалды. Бул эки маселеден көрүнүүдө.

Өзөктүк программа боюнча келишим

Ядролук программасын кыскартууга макул болгондон кийин Иранга көп жылдар бою салынган Батыш өлкөлөрүнүн жана АКШнын бир катар санкциялары алынган эле.

Муну Трамп президенттик шайлоо үгүтү учурунда кескин сындаган. Ал Иранга көп артыкчылык берилип калды деп айтып келет:

- Бул мен качандыр бир кезде көргөн келишимдердин эң жаманы. Жон Керри начар ортомчу. Иран менен болгон келишим компетентсиздиктин эң жогорку деңгээли, - деген эле өткөн жылы.

Трамптын бул пикири Кошмо Штаттардын кызматтан кетип бараткан президенти Барак Обаманын саясатына туура келбеген көрүнүктүү позицияларынын бири.

Обаманын администрациясы, АКШнын атайын кызматтары да Трамптын бул айткандарына каршы чыккан. Алар бул алты ири мамлекеттин чечими экенин эскертишкен. 5+1 деп белгилүү болгон бул келишимге жетүү үчүн он жылдан ашуун убакыт корогон эле.

Иран расмийлери да келишим кайра каралышына жол бербешин такай билдирип келишет. Мунасага жетишкен 2016-жылдын 16-январынан тарта Иранга дүйнөлүк, тагыраагы батыш базарлары ачылып, өлкө мунай өндүрүүнү көбөйткөн. Экспорту менен импортун арттырып, батыштык банктар, компаниялар менен кайрадан кызматташа баштаган.

17-январда, ошол мунасанын бир жылдыгына байланыштуу жыйында Ирандын президенти Хасан Роухани эч кандай кайра сүйлөшүү, келишимди кайра кароо болбойт деп так кесе айткан болчу. "Бул АКШнын өзү үчүн да жакшы, бирок аны түшүнбөй жатат" деген президент Трамптын атын атабай, бирок анын айткандарына ишара кылды:

- Андагылардын көбү жөн гана ураан. Ал Ак үйгө келгенде иш жүзүндө өзгөчө бир нерсе болуп кетерине көзүм жетпейт. Анткени, бул эки тараптуу эле келишим эмес. Ал муну “мага жагат же жакпайт” деп да кое албайт.

Сирия боюнча келишпестик

Сирия чатагын жөнгө салуу үчүн Орусия, Түркия жана Иран ортомчулук кылган сүйлөшүү 23-январда Астанада белгиленген. Ага Орусия менен Түркия жаңыдан ишке киришкен Трамптын администрациясын да чакырышкан.

Бирок Роуханинин жогордагы сөзүнөн кийин, ошол эле 17-январда Иран буга ачык каршылык билдирди.

“Биз аларды чакырган жокпуз, жана биз алардын катышуусуна каршыбыз” деген бул өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин сөзүн жергиликтүү Тасним агенттиги жазды.

Бирок белгилей кетчү жагдай, АКШ Астанадагы сүйлөшүүгө катышарын же катышпасын билдире элек.

Иран менен Орусия Сирия маселесинде өлкөнүн президенти Башар Асад тарапта. Ал эми НАТОдогу өнөктөштөр - АКШ менен Түркия оппозицияны колдойт.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жылдын аягында АКШ Конгрессинин кош палатасы Асадды колдогондорго санкцияларды киргизүүнү жакташкан. Бул дароо эле Орусия менен Иранга түз тиери белгиленген. Ал мыйзам эми Трамптын столуна түшүп, кол койсо гана ишке кирмекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG