Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Стокгольмдогу терактка шектүү издөөдө жүргөн


7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен.
7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен.

Стокгольмдогу терактка шектелген 39 жаштагы өзбек жараны 2014-жылы Швецияда туруктуу жашоо макамын сурап кайрылганы белгилүү болду.

2016-жылы анын өтүнүчү четке кагылып, 24-февралдан баштап депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган экен. Полиция ал Швеция борборундагы кылмышка түздөн-түз катышкан деп эсептеп жатат.

- 2014-жылы ал өлкөдө туруктуу жашап туруу макамын сурап кайрылган, бирок 2016-жылы июнда бул өтүнүчү четке кагылган. 24-февралда депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган, – деди Швеция полициясынын жетекчиси Жонас Хейсинг.

Швециянын күч органдары азыр анын болжолдуу шериктерин издөө иштерин улантып жатат. Теракт боюнча кеминде беш киши кармалган. Aftonbladet гезитинин жазганына караганда, шектүү адам Дроттнинггатан көчөсүндө болгон чабуулга жоопкерчилик алган. Полициянын билдиришинче, Стокгольмдогу терактка шектелген өзбек жараны өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топтун жактоочусу болгон.

Швеция медиасы кол салууга шектелип кармалган өзбек жаранынын аты жөнү Рахмат Акилов экенин жазууда. Ошондой эле жакындары Акилов эч качан саясат, дин темаларында кеп кылбаганын, иштеп тапкан акчасын мекенине жөнөтүп турганын полицияга айтып беришкен.

Бир апта мурунку Санкт-Петербург шаарындагы терактка Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акборжан Жалилов шектелүүдө. Эксперттер соңку жылдары ар кандай экстремисттик топтор өз катарына Борбор Азиядан адамдарды тарткан учурлар күчөгөнүн айтып келишет. Эксперт Анна Матвеева буга миграция дагы себеп болуп жатканын белгилейт.

- Алар өз жеринде, Орусияда жана чет мамлекеттерде дагы шектүү топторго азгырылып жатышат. Сөөк коюу зыйнаты, үйлөнүү сыяктуу ар кандай тойлор, диний жөрөлгөлөр мындай идеяларды жайылтууга жакшы байланыш болуп берет. Ошондой эле көпчүлүк учурда миграцияда жүргөн таксисттер, жүргүнчү ташыган айдоочулар, базарда иштегендер радикал топторго кирип кетүүдө. Борбор Азияда мындай уюмга тартылгандардын көпчүлүгүн жакыр жана жетиштүү билими жоктор түзүүдө.

7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Кол салуудан төрт адам каза тапты, алардын экөө швециялык, дагы экөө британиялык жана бельгиялык жаран болгон. Жаракат алган он адам дале ооруканада, төртөөнүн абалы оор.

Шаар тургундары окуя болгон жерге гүл жана шам алып келип эскеришүүдө. Швециянын королу Карл XVI Густав жакындарынан айрылгандарга жана жапа чеккендерге көңүл айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG