Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы тууралуу пьеса даярдалды


Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов

Акын жана журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган пьеса 17-18-мартта сахнада коюлат. Аны "Учур" жаштар театры даярдады.

"Жүрөктөгү бороон" деп аталган поэтикалык драманы Сайра Батыркулова жазды. Режиссеру - Чыңгыз Мамаев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз телерадиокорпорациясынын колдоосундагы пьеса Бишкектеги Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрынын сахнасында тартууланат.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында капилет оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды. Ажыматовдун чыгармачылыгында мекенчилдик, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG