Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Сот аткаруучулардын ыйгарым укуктары кеңейтилди


Соттук документтер. Иллюстрациялык сүрөт.
Соттук документтер. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Жарандык кодекси” менен “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Мыйзам карызкорлордун мүлкүн сатуу жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизип, аны электрондук алып-сатууну ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Документти Жогорку Кеңеш 10-январда кабыл алган.

Президенттин сайтында жазылгандай, өзгөртүүлөргө ылайык электрондук формада өткөрүлүүчү сооданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү “Жарандык кодексинин” 408-беренесинде тактап белгиленет. Мындан сырткары “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамынын 16, 17, 18, 74, 78, 80-85-беренелери да өзгөртүлөт.

Ага ылайык, сот аткаруучу соттун чечимдерин аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануу укугуна ээ болот. Ал судья же башка кызмат адамы кол койгон актынын электрондук формада да ала баштайт. Муну үчүн документ чечим чыгарган аткаминердин электрондук кол тамгасы менен ырасталышы шарт.

Сот аткаруучу мындан тышкары жазаланган кишиден алынган же конфискацияланган мүлктөрдү ачык аукцион формасында сата алат. Мүлктүн аукциону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук соода аянтчасында бир күн бою өткөрүлөт.

Кабыл алынган мыйзам 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Соңку беш-он жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. Азыркы бийлик да Кыргызстандын бардык мамлекеттик кызматтарын санариптик формага өткөрүү саясатын күчөткөн.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын августунда Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бул кодекс 2024-жылдын соңуна чейин кабыл алынарын билдирген. Санарип кодекси өлкөдөгү санариптик тармактын бирдиктүү документи болот жана анын ишке кириши менен электрондук башкаруу, кол тамга, жарандарды биометрикалык каттоо, жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана санарип башкарууга тиешеси бар 30дай мыйзам жана андагы айрым беренелер күчүн жоготот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG