Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кремль Женевада Украина боюнча сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке какты


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Москва Швейцарияда украин маселеси боюнча Орусиясыз сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке кагып, мындай планды «күлкү келтирерлик» деп атады жана эч ким байланышка чыкпаганын билдирди.

25-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцарияда дүйнө лидерлеринин анын «тынчтык формуласын» талкуулай турган саммитин жакынкы айларда өткөрүүгө үмүттөнөрүн айткан жана жыйынтыгында иштелип чыккан документти Москвага сунуш кылса болорун билдирген:

«Саммит быйыл жазында өтөт деп үмүттөнөм. Биз мындай дипломатиялык демилгени колдон чыгарбашыбыз керек».

Зеленский Орусия сунушту кабыл албашы мүмкүндүгүн айтып, бирок демилге Украинага таандык болгону маанилүү экенин кошумчалаган.

Андан мурдараак Швейцариянын президенти Виола Амхерд бейтарап өлкө катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп, өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

26-февралда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул идеяны «таң каларлык» деп атады.

«Биздин түшүнгөнүбүзгө караганда, сөз Зеленскийдин тынчтык планын талкуулоо боюнча конференция деген таң каларлык бир формат тууралуу болуп жатат. Андай план Орусиясыз талкуулана тургандын өзү жеңил ойлуулук жана күлкү келтирерлик», - деди Песков.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG