Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү башталды


Ооганстан. 2023-жылдын август айы.
Ооганстан. 2023-жылдын август айы.

Ооганстандын аймагында бүгүн 26-февралда шал оорусуна каршы (полиомиелит) эмдөө боюнча жапырт өнөктүк башталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 34 провинциянын 26сында беш жашка чейинки курактагы 7,6 миллион баланы камтуу каралып жатат.

Талибдер көзөмөлдөгөн министрликтин өкүлү Шараф Замандын айтымында, өнөктүк төрт күн уланат.

Шараф Заман жергиликтүү дин кызматкерлерин эмдөө жүргүзүп жаткан топтор менен кызматташууга чакырды.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы ата-энелердин көбү балдарын эмдетүүдөн баш тартып келишет.

Полиомиелит адамды шал кылуучу, өлүмгө кептөөчү жугуштуу оору.

Ооганстан жана Пакистан бул оору толук жоюла элек жалгыз өлкөлөр.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды эмдеп жүргөн дарыгерлер тобу түрдүү кол салууга учураган, өлтүрүлгөн окуялар бул өлкөлөрдө көп катталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG