Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Ысык-Көлдө Чехиянын 23 жаранын кар көчкү басып калып, төртөө каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында Чехиянын төрт жаранын кар көчкү басып калып каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, кырсык 25-февралда болгон. Чехиянын 23 жараны тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Алар чаңгы менен түшүп келатканда кар көчүп басып калган. 19 киши бири-бирин куткарып аман калып, төрт киши каза болгон.

Алардын сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG