Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Владимир Зеленский "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус менен жолукту


Стивен Капус жана Владимир Зеленский.
Стивен Капус жана Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн 26-февралда Киевге иш сапар менен барган «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Стивен Капус менен жолукту. Жолугушууда согуш шартында иштеп жаткан журналисттердин жумушу, абалы талкууланды.

Зеленский Украинада Орусия кол салгандан бери иштеп келаткан эл аралык медианын, айрыкча «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчыларынын эмгегине жогору баа берип, алар орусиялык аскерлер жасады деген кылмыштар тууралуу баяндап, жалган маалыматтарды четке кагып, Украинадагы окуяларды чагылдырып жатышканын белгиледи.

Жолугушууда радионун украин кызматынын кабарчысы, негизсиз жалаанын айынан үч жылдан бери Орусия аннексиялап алган Крымдын түрмөсүндө кармалып отурган Владислав Есипенкону бошотуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу да сөз болду. Капус аны бошотуп алууга чакырды. Зеленский Украинанын бийлиги туткундагы бардык жарандарын жана саясий туткундарды, айрыкча Крымдын тургундарын, журналисттерди бошотуп алуу боюнча аракетин улантып жатканын айтты.

"Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунун үчүнчү жылы башталды, Орусиянын агрессиясына жана Украинанын аймактарын мыйзамсыз аннексиялап алганына он жыл болду. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун миссиясы – Украинада болуп жаткан чыныгы окуяларды, согушту, украин элинин эрдигин жана бекемдигин дүйнөгө көрсөтүү", – деди Капус.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азия аймактарындагы 23 өлкөдө 27 тилде, айрыкча сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдө ар кыл платформада маалымат таратат.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосун өлкөдө жагымсыз деген чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кошкону 20-февралда мекеменин сайтындагы материалдан белгилүү болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG