Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду


Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” фонддун басма сөз кызматы ырастады. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон. Кызматтан былтыр жыл башында кеткен.

Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык сүрөгөн деген негиз менен сөгүш берген.

Туризмди өнүктүрүү фондун буга чейин Абылкасым Шерниязов башкарып келаткан. Ага чейинки директору Елена Калашникова 2023-жылы коррупцияга шек саналып кармалып, июль айында үй камагына чыккан.

Фонд 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG