Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Казакстан менен Өзбекстан чек арадагы дарыяларга эсептегич орнотот


Сырдарыя. Иллюстрациялык сүрөт.
Сырдарыя. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен Казакстан эки өлкө керектеген суунун так көлөмүн эсептөөгө мүмкүндүк берген эсептегичтерди орнотууну макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар онлайн режимде сууну өз ара керектөө боюнча маалымат алмашат. Учурда эки өлкөнүн адистери суу эсептегичтер кайда орнотуларын чечишүүдө. Алар бул долбоорго эл аралык уюмдарды тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланды.

Мурдараак Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы Түндүк жана Чоң Фергана каналдарынын жээгинде суунун агымын так өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү «Патар» жана «Сарвак» трансчекаралык ченөө станциялары орнотулган. Буга чейин деле эки өлкө суунун керектелишин өлчөп келген, бирок жабдуулар эскирген. Өлчөө станциялары Швейцария өкмөтүнүн Blue Peace Central Asia демилгесинин колдоосу менен жаңыртылды.

Казакстан 2023-жылы Өзбекстан жана Кыргызстан менен Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимди өзгөртүү ниетин билдирген. Казак тарап дарыянын экологиялык абалы Өзбекстандан келген булгоочу заттардан улам начарлап кетти деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG