Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Былтыр Кыргызстанда сотторго каршы 11 кылмыш иши козголгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Анын 16-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында айткан сөзүнө караганда, төрт иш сотко жиберилген. Үч иш өндүрүштө токтотулуп, эки иш бириктирилген. Бир кылмыш иши тергелип жатат.

“Лейлек районунун судьясы Жапаровго эки кылмыш иши козголгон. Аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси Тартип комиссиясында каралып жатат. Ош шаардык сотунун судьясы Малдыбаевди да кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өтүнүч Соттор кеңешине сунуш жиберилген. Тоң районунун эки судьясына кылмыш иши ачылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Бишкек шаардык сотунун судьясы Ильязованын иши да Биринчи май райондук сотунун кароосунда. Свердлов райондук сотунун соту Адимовго Биринчи май райондук соту 2 млн сом айып салган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Абдыкалыковдун иши райондук сотто каралып жатат. Ал эми Жогорку соттун мурдагы төрайымы Калиева ооруп жатканына байланыштуу кылмыш иши токтотулган”, - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG