Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Замирбек Базарбеков: УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт


Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. 1-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. 1-декабрь, 2023-жыл.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин сот системасындагы коррупция боюнча айткандарына комментарий берди.

Ал 1-декабрда “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын, атайын кызматтын төрагасы сот бийлигиндеги коррупция тууралуу сөз кылганын билдирди.

“Соттордун ишинин сапатына Улуттук коопсуздук комитети жооп бербейт жана бул алардын укугуна кирбейт. Бул жерде Камчыбек Кыдыршаевич “соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш” десе ал башка. Ал эми соттордун ишинин сапаты тууралуу сөз болсо анда ал туура эмес болуп калат. Себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясында “соттордун ишине түздөн-түз кийлигишүү үчүн жоопкерчилик бар” деп ачык жазылган. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин сөзүнөн соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш улантылат деп түшүндүм. Ал эми адвокаттар аркылуу акча алган мурда эле болуп келген. Ыплас иштер менен алектенген адвокаттар сотторго ортомчу болуп пара ташыганы факт. Мен бардыгы ушундай деп айтпайм. Бирок арасында бар”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 30-ноябрда атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышкан. Анда сөз сүйлөп жатып сот бийлигиндеги коррупция тууралуу айткан.

“Биз, коомчулук жана жергиликтүү бийлик да соттук чечимдердин баары азыркыга чейин пара алуу менен чыгарын билет. Азыр бул бир аз азайды. Соттор пара аларын баары билет. Биз паракор судьяларды кармаганга аракет кылып атабыз. Ушул жылы беш эле сотто колго түшүрдүк. А биздин өлкөдө 500 судья бар. Алар күн сайын, ай сайын миңдеген чечимдерди кабыл алат. Алардын көбү пара менен чыгат. Биз муну түшүнүп, билип, чара көрүшүбүз керек. Пара алгандардын баарын кармап жоопко тартканга мүмкүн болбой атат. Адвокаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын мыйзамдуу укугун коргобостон, сотторго пара жеткирүүчү болуп калды. Пара берүү боюнча өздөрү кылмыш кылып жатат. Судьялар кардарлардан түз пара албайт. Адвокат аркылуу алышат. Муну баарыбыз билебиз”, - деген Ташиев.

Кыргызстанда 2010-жылкы Апрель ыңкылабынан бери эле сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат. 2021-жылы иштеп баштаган Конституция боюнча Жогорку Соттун төрагасына сот бийлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилге кылуу укугу берилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG