Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстанда ВИЧ жуктурган 3200дөн ашуун бейтап көз жумган


Кызыл тасма дүйнөдө ВИЧке каршы күрөштүн белгиси катары таанылган.
Кызыл тасма дүйнөдө ВИЧке каршы күрөштүн белгиси катары таанылган.

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору маалымдады.

Мекеменин сайтындагы кабарга таянсак, ВИЧ жуктургандардын арасында аялдарга караганда эркектер дээрлик эки эсе көп. Балдар 750дөн ашат.

Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда.

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борборунун жетекчисинин орун басары Айбек Бекболотовдун айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 800 миңге жакын адам акысыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Вирус аныкталгандарга эл аралык донорлордун көмөгүндө дары-дармек бекер берилет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок өрчүп кетишинен сактайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жер жүзүндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Алгач дүйнөдө 1981-жылы аныкталган. Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган. ВИЧтин акыркы стадиясы - СПИД.

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда бир ай мурун "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” улуттук өнөктүгү башталган.

ВИЧ үч жол менен жугат:

-корголбогон жыныстык катнашта;

-кан аркылуу (ийне сайынганда);

-энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кошбойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан, адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо дагы эле бар экенин белгилешет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанды ВИЧ инфекциясы тез жайылган өлкөлөрдүн катарына кошкон.

ВИЧ бар же жогун шилекей аркылуу аныктай ала турган тест-системаны каалоочулар www.epictest.live сайтынан каттоодон өтүп, алса болот.

Дарыгерлер мындай ыкма аркылуу ВИЧ жуккандарды аныктап, тийиштүү терапияны эрте баштоого жардам болорун белгилешет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG