Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

УКМК опера жана балет театрынын директору кармалганын билдирди


Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Алмазбек Истамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган. 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG