Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Назарбаев жаңы китебинде бейрасмий никеси жана уулдары тууралуу сырын ачты


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев. 18-ноябрь, 2023-жыл.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев. 18-ноябрь, 2023-жыл.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген аталыштагы китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай социалдык тармактар аркылуу билдирди.

Мурдагы президенттин расмий сайтында жазылгандай, китепте Назарбаев алгачкы жолу өз үй-бүлөсү жөнүндө ачык айтып берет жана Январь окуясына көз караштары менен бөлүшөт.

Китеп канча нуска менен чыкканы кабарланган жок. Буга чейин Orda.kz сайты, жаңы китебинде Назарбаев алгачкы жолу бейрасмий никеде төрөлгөн эки уулу бар экенин айткан. Андан тышкары бир нече бөлүгү 2022-жылдын башында болгон Январь окуяларына арналган.

Укук коргоочулар буга чейин Назарбаевди демократиялык эмес жараяндар аркылуу өз ыйгарым укуктарын узартууга, бийлигин кыянат пайдаланууга, башкача ойлонгондору куугунтуктоого, атаандаштарын жоготуу үчүн басым-кысымды колдонууга айыптап келген.

Кандуу Январь окуяларынын маалында расмий маалымат боюнча 238 киши набыт болгон.

83 жаштагы Нурсултан Назарбаев бийликти 2019-жылы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG